Профессор Курманбек Абакировго «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер» наамы ыйгарылды
15.09.2023 15:41
Кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын жамааты кафедра башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор Курманбек Абакировду «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам алышы менен чын жүрөктөн куттуктайт! Курманбек агай, сизге, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалап, мындан ары да билим берүүдө жана илимий иштериңизде албан-албан ийгиликтерди жарата беришиңизге тилектешпиз!
Кыргыз адабият кафедрасынын жамааты