Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Ректор университеттин түзүм жетекчилери менен өндүрүштүк кеңешме өткөрдү

2023-жылдын 12-сентябрь күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов университеттин факультеттеринин декандары жана институттарынын директорлору менен өндүрүштүк кеңешме өткөрдү. Жыйында абитуриенттерди кабыл алуунун жыйынтыктары, жаңы окуу жылына карата аудиториялар менен лабораториялар фондунун абалы, түзүмдөрдүн сметалары жана Университеттин стратегиялык өнүгүү планынын негизинде түзүлгөн бир жылдык өнүгүү пландары, о.э. окуу процессине тиешелүү ар түрдүү башка маселелер талкууланды.

Иш-чарага илимий иштер боюча проректор Назаркул Ишекеев, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алахан, инвестициялар боюнча проректор Гүлбара Сыдыкова, санариптештирүү жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча проректор Ирина Дмитриенко, административдик-чарба иштери боюнча проректор Бакытбек Айтахунов, о.э. окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиев, кадрлар бөлүмүнүн башчысы Айгүл Жайнакова жана пландоо-каржы бөлүмүнүн башчысы Салтанат Эгешова катышты.

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

24

30

press knu 2023