Бейшемби, Май 09, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университетте Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдыгы белгиленди

2023-жылдын 11-сентябрында башкы имараттагы чоӊ жыйындар залында көрүнүктүү коомдук ишмер, сынчы, адабиятчы, филология илимдеринин доктору, УИАнын академиги Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдыгынын урматына уюштурулган “Таза өмүрдүн өрнөгү” аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү. Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алахан алып барган жыйында КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов сөз сүйлөп, бүгүн Кыргызстандагы илим менен билимдин, маданият менен тарыхтын борбору болгон Улуттук университетте легендарлуу адамдын маарекеси өтүп жатышы окуу жайдын жамааты үчүн чоң сыймык экенин белгилеп, Абдыганы Эркебаевге Окумуштуулар кеңешинин 2023-жылдын 9-июнундагы чечими менен ыйгарылган "КУУнун ардактуу профессору" наамынын аттестаты менен академиялык мантиясын тапшырды.

Андан кийин Абдыганы Эркебаев профессордук насаат сөзүн сүйлөп, өзү окуган Улуттук университеттин ардактуу профессору болуш ал үчүн сыймыктуу  иш экендигин жана ар дайым билим алып, алдыга максат коюп жашоо керек экендигин белгилеп, эмгектеринин 8 томдугун Төлөбек Абдырахмановго тапшырды.

ТҮРКСОЙдун Генералдык катчысы, КР Эл жазуучусу Султан Раев сөз сүйлөп, Абдыганы Эркебаев өзүн-өзү жасаган, ушул деӊгээлге өзүнүн билими жана талыкпаган эмгекчилдиги менен жеткендигин, интеллектуалдык чөйрөдөгү кристаллдай таза адам экендигин жана илимдин эле эмес, адамгерчиликтин да академиги экендигин белгиледи.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Авазбек уулунун, КР Эл акыны Акбар Рыскуловдун, УИАнын академиги Абдылдажан Акматалиевдин жана тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыповдун куттуктоо сөзүнөн кийин, УИАнын академиги Осмонакун Ибраимов “Абдыганы Эркебаев – окумуштуу жана мамлекеттик ишмер”, ал эми филос.и.д., профессор Жамгырбек Бөкөшов “Адабиятчынын астейдил мээнети” аталышындагы баяндамаларды жасашты.

10

press knu 2023

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 225 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары