Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

002023-жылдын 30-августунда башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов алып барган жыйында 2022-2023 - окуу жылынын жыйынтыгы жана башка ар түрдүү маселелер каралды. Отурумдун башында ректор жыйындын катышуучуларын 31-август - Эгемендүүлүк күнү жана жаӊы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, отурумду ачык деп жарыялады. Андан кийин ал кворумду текшерип, отурумдун күн тартибин добушка коюп, бекитилген соң, Окумуштуулар кеңешинин отуруму өз ишин баштады.

Алгач, ю.и.д., конституциялык жана административдик укук кафедрасынын доцентинин м.а. Данияр Джумалиев менен ф.-м.и.к., математикалык анализ кафедрасынын доценти Зийнат Жапаровага “доцент” наамын ыйгаруу жөнүндө маселе каралды. Түзүм жетекчилери менен проректорлор талапкерлер тууралуу маалымат берип, алардын фамилиялары жашыруун добуш берүү бюллетенине киргизилгенден кийин, эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү шайланды.

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин деканы Кундуз Базакеева мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси, билим берүүнүн отличниги Колопов Альберт Сексенбаевичке "КУУнун ардактуу профессору" наамын ыйгаруу жөнүндө сунуш киргизди.

Андан кийин, Төлөбек Абдырахманов "Менеджмент" кафедрасынын мурдагы башчысы, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, билим берүүнүн отличниги, экономика илимдеринин доктору, профессор Айсалкын Асанованын кызына жана Экономиканын жогорку мектебинин директору Эркин Куловага университеттин өзгөчө сыйлыгы болуп эсептелген “Ж.Баласагын атындагы төш белгини”, ал эми финансы кафедрасынын профессорунун м.а. Салтанат Омуровага «доцент» наамынын дипломун, журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюкеп Чуваш Республикасынын башчысы Олег Николаевдин ыраазычылык катын тапшырды.

"Бакалавриат, магистратура, адистик үчүн билим берүү стандарттарынын макеттерин бекитүү" жөнүндө жумушчу топтун жетекчиси, математика жана информатика факультетинин деканы Изат Усенов, "Студенттерди окутуу регламентине" өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү" жөнүндө Окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиев, "Юридика институтунун структурасын  бекитүү" жөнүндө түзүм директорунун м.а. Кынатбек Сманалиев билдирүү жасашты

КУУнун колледждеринин структурасы бекитилгенден кийин студенттик жатаканалардын директору Бексултан Шабданов төлөм акылары тууралуу баяндама жасап, 1-сентябрдан тартып бардык жатаканалардын төлөм акысы 50 пайызга көтөрүлөөрүн билдирди.

Отурумдун жүрүшүндө о.э. "КУУнун институттары жөнүндө жобо", "КУУнун гербинин, логотибинин  жана туусунун эскизин иштеп чыгуу боюнча комиссиянын жыйынтыгы", "Журналистика жана коммуникация институнун багыттарын программага өткөрүү" жана аталган институтта жаңы бөлүмдөрдү ачуу жөнүндө, Бишкек шаарындагы Студенттер аллеясына профессор Нурбеков Кубанычбектин эстелигин орнотуу боюнча КР Президентине кайрылуу жөнүндө, юридика институтунун тилдер жана юрлингвистикалык технологиялар борборунун окутуучулары Ибраимова Ж.Т. жана Карыбек к. Н. тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз тили IT адистигинде окуган студенттер үчүн” аттуу окуу куралын КУУнун басмаканасынан басып чыгаруу жөнүндө, кыргыз-европа факультетинин бизнес башкаруу программасынын профессору А.К.Камалова жана доцент К.Чороев тарабынан даярдалган “Статистика" боюнча, электроника жана наноэлектроника кафедрасынын доценти Сагынтай Кадышев тарабынан даярдалган “Электрониканын физикалык негиздери” аттуу окуу китептерине жана экономика кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы тарабынан даярдалган “Макроэкономика” окуу-методикалык колдонмосуна Билим берүү жана илим министрлигинин грифин берүү жөнүндө, эл аралык мамилелер факультетинде Эл аралык актуалдуу проблемалар боюнча илимий борбордун ачылышы жөнүндө, кыргыз-европа факультетинде стартап долбоорлорунун инновациялык борборунун ачылышы жөнүндө, о.э. КУУнун изденүүчүлөрдүн диссертацияларынын темаларын бекитүү жана илимий консультанттарын дайындоо жөнүндө маселелер каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды..

Жыйындын соңунда ректор Төлөбек Абдырахманов  2022-2023 - окуу жылынын жыйынтыгы жөнүндө баяндама жасап, бир жыл ичинде университеттеги структуктуралык, экономикалык өзгөрүүлөр, академиялык репутация, билим алуучулардын контингенти, илимий-изилдөө иштери, иш сапарлар, ички гранттар, илимий-метрикалык көрсөткүчтөр, эл аралык мамилелер жана башка багыттар боюнча аткарылган иштер жөнүндө айтып берди.

01

02

03

04

05

06

07

08

09

10

11

12

13

14

15

16

17

18

19

20

21

22

23

24

25

26

27

28

29

30

31

32

33

34

35

36

37

38

39

40

41

42

43

44

45

46

47

48

49

50

51

52

press knu 2023

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 317 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары