Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Кынатбек Сманалиев юридикалык институттун директору болуп дайындалды

00

Бул тууралуу 2023-жылдын 28-август күнү ректор Төлөбек Абдырахманов башкы имараттагы кичи жыйындар залында юридикалык институттун жамааты менен өткөргөн жолугушууда белгилүү болду. Жыйындын башында ал катышуучуларды жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, буга чейин аталган институтту коомдук башталышта жетектеп келген илимий иштер боюча проректор Назаркул Ишекеев берген арызынын негизинде аталган институттун директорлук кызматынан бошотулганын, анткени ал дайындалган "транзиттик мөөнөт" аяктаганын кабарлап, Назаркул Ишекеевичке чоң ыраазычылык билдирди. Ректор андан ары залда отургандарды 2023-жылдын 25-августунан тартып юридикалык институттун директорунун милдетин аткаруучу болуп аталган институттун юридикалык факультетинин деканы, юридика илимдеринин доктору, профессор Сманалиев Кынатбек Мойнокович дайындалганы тууралуу буйрук менен тааныштырды.

- Бул кишиге абдан чоң, жоопкечиликтүү милдет жүктөлөт. Ал кыска мөөнөттүн ичинде институтту ордуна коюш керек, озгөчө окуу процессин, өзгөчө 1-курсту. Ошондуктан Кынат Мойноковичтен суранабыз, тапшырма беребиз: жамаат менен чогуу отуруп, кеңешип, талаш-тартыш болбогудай кылып институттун структурасын түзүп, анан ректоратка сунуштасанар. Биз аны жаңы окуу жылынын башталышына чейин өтө турган Окумуштуулар кеңешинде бекитип берсек, - деп сөзүн улантты Төлөбек Абдырахманов. - Юридикалык институт – бул Кыргызстандагы юридикалык билим берүүнүн, юридикалык аң-сезимдин, юридикалык идеологиянын борбору болуш керек. Бири-бирин түшүнүшө албай жаткан 2 жаатты бириктирүүгө Кынат Мойноковичтин тажрыйбасы, билими, адамгерчилиги, чыдамкайлыгы жетет болуш керек деп ойлойм. Институтта иштеп жаткан мугалимдер, лаборанттар - баардыгы сиздер үчүн "ала-буласы" жок, бирдей болушу керек. Бул - өтө чоң маселе. Ректораттын 3 суранычы бар: окуу жылын жакшы башташ керек, структураны сунушташ керек жана эки жаат биригип, оокат кылыш керек. Президенттин указы бар, башка бара турган жол жок. Татынакай, жакшы юрдикалык инстиут болушунар керек!

Андан кийин чыгып сүйлөгөн юридикалык институттун өкүлдөрү ректораттын бул чечимин колдоорун жана жаныдан директор болуп дайындалган Кынат Мойнокович жуктөлгөн милдеттин мүдөөсүнө чыгаарына ишенээрин билдиришти. 

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

press knu 2023

10

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 309 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары