Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Ректор КУУнун мүлкүнө кол салган ууруну кармаган кызматкерлерге ыраазычылык билдирди

0

2023-жылдын 25-августунда ректор Төлөбек Абдырахманов 6-окуу имаратындагы компьютерлердин системалык платасын уурдап бара жаткан У.Э. аттуу кылмышкерди кармап калган КУУнун кызматкерлерин кабыл алды. Күзөт кызматынын башчысы Камчыбек Абелдиев окуянын чоо-жайын айтып берген соң, Төлөбек Абдырахманов "уурдап кеткен эмес, уурдап бараткан кылмышкерди кармап калып, университеттин мүлкүн сактап калгандыктары" үчүн маалыматтык технологиялар борборунун инженерлери Бегимай Искендербек кызына, Асел Нуркалиевага жана күзөт кызматынын кароолчулары Базаркул Маматкуловго, Аман Кабаевге, Асан Дербишалиевге ректораттын атынан чоң ыраазычылык билдирип, аларды Ардак грамоталар менен сыйлады. 

- Азаматсыңар! Биз угуп, териштирип, абдан ыраазы болдук!, - деди Төлөбек Абдырахманов. - Бул - силердин адамдык позицияңар, университетке болгон патриоттук аң-сезимиңер, анан, албетте, өзүңөрдө болгон жоопкерчилик. Башка кызматкерлер да силерге окшоп жумушту ушундай аткарып, ушундай иштеш керек. Карапайым кызматкерлер ушундай мамиле кылып аткандан кийин, университеттин чоңдору да ушундай мамиле кылыш керек. Университеттин мүлкү менен тартипти сактаганга баарыбыз салым кошушубуз керек. Бул жерден Ички иштер министрлигине да ыраазычылык билдирем. Ушундай нерсеге көңүл буруп, реакция жасап, Ардак грамота менен сыйлап атканына. Бул абдан чоң нерсе. Университет жактан да реакция кылабыз. Сыйлыгыңар кут болсун!

Андан кийин ректор өздөрүнүн кызматтык милдеттерин ак ниет аткарып, кылмышты ачууга катышкандыгы жана коомдук тартипти сактоого салым кошкондугу үчүн Бегимай Искендербек кызына, Асел Нуркалиевага, Базаркул Маматкуловго, Аман Кабаевге жана Асан Дербишалиевге Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын Ардак грамоталарын тапшырды.

Сыйлык ээлерин окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаев да куттуктап, бул аракет колдоого алынып, университет тарабынан да бааланаарын билдирди.

Иш чарага о.э. окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиев катышты.

02

04

05

06

07

08

09

10

11

12

15

press knu 2023

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 158 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары