Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

КУУда абитуриенттерди кабыл алуунун соңку, 5-туру жыйынтыкталды

00

2023-жылдын 16-август күнү 6-окуу имаратында Улуттук университеттин гранттык комиссиясынын отуруму болуп, анда бюджеттик жана контракттык орундарга абитуриенттерди кабыл алуунун соӊку, 5-туру жыйынтыкталды. Окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаев алып барган жыйынга онлайн жана офлайн режимде факультет декандары катышып, интернет аркылуу абитуриенттерден келип түшкөн талондор, ваканттык орундар тууралуу маалымат берип, өздөрү жетектеген факультеттеги багыттар боюнча өткөрүү баллын сунуштаган соң, комиссия мүчөлөрү тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усеновдун айтымында “5 турдун жыйынтыгы менен Улуттук университетке жалпысынан 3 миӊ 352 абитуриент катталып, окуйм деген оюн билдирди. Ал эми 4-турдун жыйынтыгы менен 2 миң 638 абитуриенттин документтери менен окуу төлөмдөрү кабыл алынды. Былтыркы кабыл алууда 110дон жогору балл алган абитуриенттердин саны 45 миӊден ашкан болсо, быйыл 29 миӊден эле ашуун болду. Бул факторду эске алсак, биздин статистика боюнча, Улуттук университет кабыл алуу боюнча Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын ичинен 1-орунда турат. Ошондуктан, жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, быйыл окууга тапшырган абитуриенттердин көрсөткүчү жакшы”.

Жыйындын соңунда окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаев жогоруда айтылган сандар жакшы көрсөткүч экендигин, кабыл алуу кампаниясы жалпысынан жакшы өткөндүгүн белгилеп, Изат Усенов жетектеген кабыл алуу комиссиясынын кызматкерлерин куттуктап, ректораттын жана өзүнүн атынан аларга терең ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады жана 5-турду жабык деп жарыялады.

Кыргыз-кытай институтунун директору Софья Апаева 6 жылдан бери кабыл алуу комиссиясында иштеп келе жаткандыгын, быйылкы кабыл алуу өзгөчө, ийгиликтүү өткөндүгүн айтып, бул ийгиликке алып келген өзгөчөлүктөрдү белгиледи жана Университет менен кабыл алуу комиссиясынын жетекчилигине кабыл алуу кампаниясын жакшы уюштуруп, түшүнүү менен мамиле кылгандыгы үчүн өзүнүн жана кесиптештеринин атынан ыраазычылык билдирди.

5-турдун жыйынтыгы менен «Абитуриент онлайн» электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасынан https://2020.edu.gov.kg жана кабыл алуу комиссиясынын атайын стендинен таанышууга болот.

02

04

06

08

10

12

16

14

press knu 2023

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 298 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары