Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Ректор УрФУдагы «Жайкы университет» долбооруна катышып келген студенттерди кабыл алды

00

2023-жылдын 25-июлунда КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов Россиянын биринчи президенти Б.Н.Ельцин атындагы Урал федералдык университети тарабынан уюштурулган «Жайкы университет 2023» долбооруна катышып келген Улуттук университеттин студенттерин жана аларды жетектеп барган жаштар саясаты жана спорт боюнча департаментинин директору Кадыр уулу Алмазбекти кабыл алды. Ректор "Алыскы жолго аман-эсен барып келгениӊер өзү чоӊ олжо. Ал эми байгелүү орундарга ээ болуп, университеттин атын чыгарып келгениӊер үчүн ызаазычылык билдиребиз. Мындан ары да чоӊ форматтагы долбоорлого катыша бергиле. Биз силерден чоӊ ийгиликтерди күтөбүз", - деп студенттердин окууларына ийгиликтерди каалады.

22 өлкөдөн 300дөн ашык студенттер катышкан долбоордун негизги максаты - чет элдик студенттерди Россиянын жогорку окуу жайларынын патенциалы менен тааныштыруу. 

Жаштар департаментинин директору Кадыр уулу Алмазбек менен юридикалык институттун доценти Бейшенбек кызы Асема жетектеп барган топто университеттин атынан Нурланова Бегимай, Айдарбекова Гулнура, Кадырбек кызы Айдина, Тавылдиева Нуркыз, Сыдыков Акбар, Буланбек кызы Асель, Кумонова Алина, Тобокелов Ырыскелди, Ботоноева Зарина, Мээримбеков Али, Сейдакматова Аяна, Адлетов Данил, Асанов Бектурган, Кеӊешбекова Зияра, Кулназарова Татына, Саруев Арсланбек, Азимжанов Жайыл, Кубанычбек уулу Айтбек жана Рахимов катышып, IT, филология, экономика, укук жана гуманитардык илимдер боюнча долбоорлорду коргошту.

Гуманитардык багытта окуган студенттер 16 команданын ичинен 2-орунга, IT багытында окуган студенттер 8 команданын ичинен 2-орунга, юридикалык факультеттин студенттери 7 команданын ичинен 1-орунга ээ болушту.

Студенттер о.э. маданий иш-чараларга, билим берүү программаларына, ар кандай оюн-зоокторго жана спорттук оюндарга катышып, шахмат боюнча 1-орунду, футбол боюнча 1-орунду, «Чоң жарыштар» аталышындагы спорттук мелдеште 2-орунду ээлеп, сыйлыктарга жана сертификаттарга ээ болушту.

«Жайкы университет 2023» долбоорунун катышуучулары Ельцин музейине, Сысерть жана  Пышма шаарларына, Азия менен Европанын чек арасына жана «Иннопром» ири көргөзмөлөрүнүн бирине барышып, ар кандай музейлерди, көргөзмөлөрдү, жарманкелерди, храмдарды кыдырып, Екатеринбургду көрүп келишти. Алар өздөрүнүн ой жүгүртүүсүн, билим деӊгээлин кеңейтип, келечекте карьерасында ийгиликке жетүү үчүн пайдалуу боло турган көптөгөн билимдерге ээ болушту. Студенттердин айтымында иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, бул мүмкүнчүлүк үчүн КУУнун, УрФУнун жетекчилигине жана профессордук-окутуучулук курамына ыраазычылык билдиришти.

02

04

06

07

08

10

12

13

14

16

20

22

24

25

26

28

30

32

34

press knu 2023

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 302 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары