Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

КУУ менен УИАнын ортосунда илимий кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду

002023-жылдын 20-июль күнү КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов менен жолугушту. Иш-чаранын жүрүшүндө эки мекеменин ортосундагы илимий кызматташтык тууралуу сөз болуп, жыйынтыгында Улуттук илимдер академиясы менен Кыргыз улуттук университетинин ортосундагы илимий кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду. Ректор УИАнын президентин жылуу тосуп алып, саламдашкан соң, “Илим менен билим ар дайым бирге болушу керек, биз сиздер тыгыз кызматташууга даярбыз”, – деп билдирди. Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов илимдин өнүгүү багыттары, илимий ачылыштарды жасоонун жолдору боюнча сөз сүйлөп, - Учурда илимге кызыккан жаштар көбөйүүдө. Эки тарап биригип жаштардан мыкты академиктерди даярдап чыгарабыз, - деди.

Кол коюлган документке ылайык, тараптардын биргелешкен кызматташуусу илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону, биргелешкен илимий-изилдөө иштерин, семинарларды, конференцияларды өткөрүүнү, студенттик практиканын бардык түрлөрүн өткөрүү боюнча шарттарды түзүүнү, билим берүү тармагындагы илимий-методикалык конференцияларды жана илимий-практикалык семинарларды өткөрүүнү камтыйт.

Улуттук илимдер академиясы КУУнун аспирантурада жана докторантурада окуп жаткан студенттерине өзүнүн китепкана фондусун пайдаланууга уруксат берет, о.э. PhD даражасындагы илимий кадрларды даярдоо боюнча биргелешкен программаларды иштеп чыгууга катышат.

Жолугушууга о.э УИАнын башкы окумуштуу катчысы Бермет Худайбергенова, илимий-уюштуруучулук иштери жана илимий кадрларды даярдоо бөлүмүнүн башчысы Толкун Урусова жана КУУнун окуу иштери боюнча проректору Эрлан Базарбаев, илимий иштер боюнча проректору Назаркул Ишекеев, эл аралык байланыштар бөлүмүнун башчысы Бакыт Келдибеков, о.э. юридикалык институттун директорунун орун басары Досаалы Иманбердиев, илимий-метрикалык жана илимий изилдөөлөрдү уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Асел Шайылдаева катышты.

press knu 2023

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 316 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары