Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

КУУда кыргыз-казак элдеринин тарыхына арналган эл аралык илимий конгресс өткөрүлдү (толукталды)

002023-жылдын 27-июнунда Кыргыз улуттук университетинде "Кыргыз-казак элдеринин тагдырлаш тарыхы жана алакалаш келечеги" аттуу эл аралык илимий конгресс өткөрүлдү. Жыйынга кыргызстандык жана казакстандык белгилүү тарыхчы, түрколог окумуштуулар катышты. Алардын арасында Казакстан Республикасынын Ч.Валиханов атындагы тарых жана этнология институтунун мүдүрү Зиябек Кабульдинов, Мамлекеттик тарых институтунун мүдүрү Буркитбай  Аяган ж.б. илимпоздор бар. Илимий конгрессте Кыргызстандык жана Казакстандык окумуштууларынын тыгыз кызматташтыгынын айрым жемиштери да сунушталды.

Иш-чараны Тарых жана чөлкөм таануу институтунун мүдүрү Туратбек Сырдыбаев ачып, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун куттуктоо катын окуп берди. Жыйындын катышуучуларына куттуктоо сөздөрүн о.э. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу “Мурас” фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов жана Франциянын Борбор Азияны изилдөө институтутун мүдүрү Адриен Фову мырза айтышты.

Андан кийин конгресстин пленардык отуруму башталып, төмөндөгү баяндамалар окулду:

  • Курманов Зайнидин Карпекович – К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиянын проректору, т.и.д., профессор: "Кыргызский филиал партии «Алаш»: деятельность и значение"
  • Абдырахманов Төлөбек Абылович - Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору, КР УИА мүчө-корреспонденти, т.и.д. профессор: "Азыркы мезгилдеги Кыргызстандагы тарых илимиинин өнүгүшү"
  • Кабульдинов Зиябек Ермуханович - Ч.Валиханов атындагы тарых жана этнология институтунун мүдүрү, КР УИА мүчө-корреспонденти, т.и.д., профессор: "Основные направления развития исторической науки Казахстана: опыт, проблемы, решения"
  • Аяган Буркитбай Гелманович – Мамлекеттик тарых институтунун мүдүрү: "Тәуелсіз Қазақстандағы тарих ғылым бойынша мемлекеттік бағдаламалар: орындалуы мен тәжірибесі"
  • Тлеубаев Шамек Баянович – Ч.Валиханов атындагы тарых жана этнология институтунун мүдүрүнүн илимий иштери боюнча орун басары, т.и.к.: "Жетісу өңіріндегі 1916 жылғы көтеріліс және «Ыстықкөл таза орыс уезін құру жобасы" жөнінде"
  • Шашаев Ауезхан Кадыржанович – Ч.Валиханов атындагы тарых жана этнология институтунун улук эксперти, т.и.к.: «Талап» қоғамындағы қазақ және қырғыз зиялыларының қызметі".

Иш-чаранын жүрүшүндө о.э. "Казак-кыргыз тарыхый жылнамасы" китебинин бетачары болуп, Тарых жана чөлкөм таануу институтунун студентине Ч.Валиханов атындагы Тарых жана этнология институтунун 100 миң теңге өлчөмүндөгү стипендиясы тапшырылды. Ал эми Ч.Валиханов атындагы Тарых жана этнология институтунун мүдүрү, т.и.д., профессор Кабульдинов Зиябек Ермухановичке "Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору" наамынын диплому жана мантиясы тапшырылып, башкы имараттагы 341-дарсканага Ч.Валихановдун ысымы ыйгарылды.

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

24

26

28

30

32

34

36

38

40

42

44

46

48

50

60

62

64

66

68

70

72

74

76

78

80

82

84

85

86

87

88

89

90

91

92

press knu 2023

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 409 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары