Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

ПКМДИнин окутуучулары педагогикалык жогорку жана орто окуу жайларынын окутуучулары үчүн тренинг өтүштү

00

2023-жылдын 26-апрелинен 22-июнуна чейин И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо интитутунун мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүү технологиялары кафедрасынын башчысы п.и.к., профессор Адылбек кызы Гулназ менен кафедранын ага окутуучусу Жуматаева А.С. педагогикалык жогорку жана орто окуу жайларынын окутуучулары, методист-менторлору үчүн USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун алкагында 72 сааттык онлайн-тренинг өтүштү. Аталган тренингдин максаты - ЖОЖдордун, колледждердин окутуучуларын жана методист-менторлорду  башталгыч класстардын окуучуларын окууга жана жазууга дифференциациялап жана интеграциялап үйрөтүү боюнча окутуу.

Кафедра башчысы Адылбек кызы Гулназ И.Арабаев атындагы КМУнун, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун колледжинин, ОшМУнун педагогика жана психология факультетинин, Б.Сыдыков атындагы ОшКУУнун, ОшМПУнун окутуучуларына жана Жалал-Абад облусунун Ноокен, Ала-Бука, Базар-Коргон райондорунун методист-менторлоруна «Башталгыч класста окууга жана жазууга дифференциациялап жана интеграциялап окутуу» тренингин орус тилинде, ал эми И.Арабаев атындагы КМУнун, ОшМПУнун, Т.Эрматов атындагы БМПКнын окутуучуларына, Ош облусунун Араван, Чон-Алай, Өзгөн, Ноокат райондорунун, Чүй облусунун Аламүдүн, Ысык-Ата, Кемин, Сокулук, Токмок, Панфилов  райондорунун билим берүү башкармалыгынын методист-менторлоруна, Бишкек шаарынын №38-мектеп окуу-тарбия комплексинин, № 5 мектеп-гимназиясынын математика боюнча улуттук тренелерине «Башталгыч класста окууга жана жазууга дифференциациялап жана интеграциялап окутуу» тренингин кыргыз  тилинде онлайн форматта Zoom, moodle билим берүү платформаларында ийгиликтүү өттү.

Кафедранын ага окутуучусу Жуматаева А.С. ОшМУнун педагогика жана психология факультетинин, ОшМПУнун, Б.Сыдыков атындагы ОшКУУнун, БатМУнун педагогика кафедрасынын,  А.А.Машрабов атындагы СГЭИнин табигый илимдер жана маалымат технологиялары кафедрасынын, филологиялык билим берүү кафедрасынын, педагогика жана тарых кафедрасынын, педагогика, гуманитардык жана табигый илимдер секциясынын, Сүлүктү педагогикалык колледжинин окутуучуларына жана Баткен облусунун Баткен, Лейлек райондорунун билим берүү башкармалыгынын методист-менторлоруна «Башталгыч класста окууга жана жазууга дифференциациялап жана интеграциялап окутуу» тренингин кыргыз  тилинде онлайн форматта Zoom, Moodle билим берүү платформаларында ийгиликтүү өттү.

Тренингдин милдеттери:

  • катышуучуларды окуу боюнча тереңдетилген беш модулдун негизги мазмуну менен тааныштыруу (1-модуль. «Башталгыч мектепте дифференцациялап окутууну колдонуу», 2-модуль. «Предметти жана тилди интеграциялап окутуу», 3-модуль. «Башталгыч мектепте балдар адабиятын колдонуу », 4-модуль. «Башталгыч мектепте чыгармачылык жазуу», 5-модуль. «Башталгыч мектепте күнүмдүк жазуу»);
  • катышуучуларды SabakApp (окуу сабагынын мониторинги) жана BaalooApp (формативдик окууну баалоо) тиркемелери менен тааныштыруу жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
  • ЖОЖдордун жана педагогикалык колледждердин окуу пландарына окуу боюнча тереңдетилген беш модулдун темаларын киргизүүнү пландаштыруу жана ишке ашыруу.

Кафедранын ага окутуучусу Кабылова С.А. И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун, И.Арабаев атындагы КМУнун, И.Арабаев атындагы КМУнун педагогикалык колледжинин, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун,  Т.Эрматов атындагы БМПКнын окутуучулары үчүн USAID «Окуу керемет!» долбоорунун математика боюнча 10 модулдун алкагында гибриддик формада тренингди ийгиликтүү өттү. Сабактар 2023-жылдын 28-29-апрелинде, 19-июнунда офлайн форматта,  5.06.-9.06.2023 аралыгында онлайн форматта Zoom, Moodle билим берүү платформаларында өтүлдү.

02

04

06

08

10

12

14

Назарбекова Б.Ж.МЧМПжББТ кафедрасынын ага окутуучусу 

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 302 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары