Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

КУУда “Педагогикалык маалымат каражаты - кут билим казынасы" аттуу илимий конференция болуп өттү

002023-жылдын 23-июнь күнү санариптик технологиялар борборунда “Кут Билим” гезитинин 70, “Эл агартуу” журналынын 95, “Русский язык в школах Кыргызстана” журналынын 65 жылдык мааракесине арналган “Педагогикалык басма сөз-“Куттуу билим казынасы” аттуу республикалык илимий конференция болуп өттү. Совет заманында негизделип, эгемендик доордо да үзгүлтүксүз чыгып келаткан бул басылмалар ондогон жылдар бою билим берүү менен илим тармагынын маалыматтык жүгүн көтөрүп, улуттук педагогикалык акыл-ойдун өзүнчө бир интеллектуалдык казынасына айланды. Кыргыз интеллигенциясынын бүтүндөй муундарын бул басылмаларсыз элестетүү мүмкүн эмес.

Иш-чараны илимий иштер боюнча проректор  Назаркул Ишекеев ачып, аталган басылмаларды мааракеси менен куттуктап, кызматкерлерге чыгармачык зор ийгиликтерди каалды жана сөз кезегин КР Президентинин кеӊешчиси Арслан Капай уулу Койчиевге берди. Ал жаӊылык жазуунун жана аны таратуунун коомдук агартуучулук миссиясы да бар экенин билдирип, “мектептеги буллинг” (кысым көрсөтүү) темасы басылмаларга байма-бай чыгып, коомдо да ар дайым талкууланып туруу керек экендигин баса белгилеп кетти.

Билим берүү жана илим министрлигинин илим бөлүмүнүн башчысы Жылдызбек Жакшылыков “Кут Билим” гезитин “чети көрүнгөн, калганы көрүнбөгөн казынага” салыштырды.

КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов аталган гезитти “Академия” деп атап койсо болоорун, анткени окуучулар, мугалимдер - баардыгы бул гезиттен көптөгөн маалыматтарды алышаарын белгиледи.

“Кут Билим” медиа борборунун директору Кубатбек Чекиров конференциянын катышуучуларына ыраазычылыгын билдирип, сөз кезегин баяндамачыларга узатты.

  • Зина Караева - Кыргызстан эл аралык университетинин профессору, ф.и.д.: “Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн мугалимдик кесипке багыттоодогу ММКнын ролу (“Кут Билим” гезитинин мисалында)”;
  • Талант Конокбаев - “Кут Билим” газетасынын мурдагы редактору, Жогорку кеӊештин жоопту кызматкери
  • Тилектеш Ишемкулов - коомдук жана мамлекеттик ишмер, БГУнун профессору
  • Гүлжигит Соронкулов - “Русский язык и литература в школах Кыргызстана” журналынын башкы редактору, ф.и.д.: “Об истории научно-методического журнала “Русский язык и литература в школах Кыргызстана”
  • Алтын Асанова - Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика жана маалыматтык системалар факультетинин деканы, ф.и.к.: “Кут Билим” гезитинин, “Эл агартуу”, “Русский язык и литература в школах Кыргызстана” журналынын билим, илим чөйрөсүндөгү орду жана ролу”;
  • Калбүбү Сариева - философия илимдеринин кандидаты, эл агартуунун отличниги;
  • Сулайман Рыспаев - Кыргыз билим берүү академиясынын филологиялык билим берүү лабороториясынын башкы илимий кызматкери: “Педагогикалык басылмалардын кызматынын мааниси”;
  • Кубан Табалдиев - журналист-талдоочу: “Просвещение – один из главных функций СМИ”;
  • Абдыганы Халилов - КУУнун Журналистика жана коммуникация институтунун доценти,ф.и.к.: “Кут Билим” – кыргыз интеллигенциясынын энциклопедиясы”;
  • Бакыт Орунбеков - Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ага окутуучусу, саясий илимдердин кандидаты: “Советтик кыргыз журналистикасынын саясий-идеологиялык өзгөчөлүгү жана коомдук жоопкерчилиги”;
  • Мариям Ирисова - Эл аралык Айтматов клубунун адабият жана көркөм өнөр жаатындагы сыйлыгынын лауреаты, Билим берүүнүн мыктысы: “Исторический путь культуры просвещения кыргызского народа”;
  • Гапыр Мадаминов - КР эмгек сиӊирген мугалими, Билим берүү жана илим министиринин коомдук башталыштагы кеӊешчиси, педогогика илимдеринин кандидаты: “Педагогиклык идеяларды жана алдыӊкы тажрыйбаларды жайылтууда “Кут Билим” гезитинин, “Эл агарту” журналынын тарыхый мааниси”;
  • Гүлүмкан Асанкадырова - КР эмгек сиӊирген мугалими: “Кут Билим”_ кесиптик өнүгүү мектеби”;
  • Айна Дүйшекеева - КУУнун Журналистика жана коммуникация институтунун доценти, ф.и.к.: “Билим берүү стандарты жана журналисттерди даярдоону өркүндөтүү маселелери”;
  • Дүйшөн Шаматов - Казакстандагы Назарбаев университетинин Жогорку билим берүү мектебинин профессору: “Дүйнөлүк тажрыйбаны тааныштыруудагы ЖМК ролу”;
  • Алмаз Токтомаметов - “Кыргыз педагогикасынын пульсу”.

Конференциянын катышуучулары менен баяндамачылар бүгүнкү баарлашуу жогорку деӊгээлде өткөндүгүн белгилешти.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 7-апрелинде “Кут Билим” гезитине 70 жыл, 1928-жылы негизделген “Жаңы маданият жолунда”, азыркы “Эл агартуу” журналына май айында 95 жыл, о.э. “Русский язык и литература в школах Кыргызстана” журналына январь айында 65 жыл толду.

02

04

06

08

10

12

14

18

20

22

24

26

28

30

32

34

36

38

40

42

44

46

48

50

52

54

press knu 2023

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 317 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары