Бейшемби, Май 09, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияда доклад жасады

2023-жылдын 15-16-июнунда кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова Москва мамлекеттик университетинин Азия жана Афррика өлкөлөрү институту, Россия мамлекеттик китепканасы, Чыгыш адабият борбору тарабынан Горчаков фондунун колдоосу менен офлайн жана онлайн форматта өткөрүлгөн «Большое евразийское партнерство: новые парадигмы и смыслы развития макрорегиона» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып, «Тенгрианство - мировоззрение древних кочевников» деген темада доклад жасады. Иш-чарага Россия, Франция, Кытай, Индия, Турция, Иран, Дагестан, Кыргызстан, Казахстан, Өзбекстандан окумуштуулар катышты. Конференция 2 күнгө созулуп, темага байланыштуу докладдар онлайн форматта биринчи күнү 5 секцияда, экинчи күнү 4 секцияда талкууланды. Бул маанилүү иш-чара абдан мазмундуу, жандуу жана кызыктуу өттү.

02

04

06

08

10

Гүлжамал Жаманкуловакыргыз тил илими кафедрасынын профессору