Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

КУУда «Евразиядагы орто кылымдардагы саясий, социалдык-экономикалык жана этномаданий жүрүмдөр» аттуу ЭАИПК болуп өттү

002023-жылдын 8-июнунда Тарых жана чөлкөм таануу институтунун чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасы Алтай мамлекеттик университетинин "Кең Алтай" алтай таануу жана түркология илимий билим берүү борбору менен биргеликте уюштурулган «Евразиядагы орто кылымдардагы саясий, социалдык-экономикалык жана этномаданий жүрүмдөр» аттуу эл аралык илимий конференция болуп өттү. Аталган эл аралык илимий конференцияга катышууга 5 мамлекеттен, Орусиядан -13, Казакстандан -11, Түркиядан -3, Тажикстандан -2, Өзбекстан – 3 жана Кыргызстандан -35, бардыгы 67 окумуштуу изилдөөчүлөр катышышты. Конференциянын алкагында 4 секция иштеди, ар бир секцияда 14 илимий докладдар окулуп талкууланды. Ошондой эле 1 симпозиум, 2 тегерек стол өткөрүлдү.

Эл аралык илимий конференциянын расмий ачылышын Ж. Баласагын атындагы КУУнун ректору, Кыргыз Республикасынын УИАнын мүчөкорреспонденти, т.и.д., профессор Абдырахманов Төлөбек Абылович ачып, куттуктоо сөзүн Алтай мамлекеттик университетинин президенти, ю.и.д., профессор Землюков Сергей Валентиновичке, Кыргыз Республикасынын УИАнын академиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фондунун төрагасы, т.и.к., профессор Молдокасымов Кыяс Сатаровичке жана КР УИАнын Тарых, археология жана этнология институтунун директору, т.и.д., профессор Асанканов Абылабек Асанкановичке берилди. Ошондой эле, видео аркылуу онлайн түрүндө Түрк маданияты эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) Башкы катчысы, Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев, Казакстан Республикасынын УИАнын корреспондент-мүчөсү, УИА президиумунун мүчөсү, Казакстан Республикасынын УИАнын Ч.Ч.Валиханов атындагы Тарых жана этнология институтунун директору, т.и.д., профессор Кабулдинов Зиябек Ермуханович жана Татарстан Республикасынын Илимдер академиясынын вицепрезиденти, академик, профессор Загидуллина Дания Фатиховналар куттукташты.

Илимий конференциянын жүрүшүндө Ж.Баласагын атындагы КУУнун Чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын алкагында "Кең Алтай" алтаистика жана түрк таануу илимий-билим берүү борборунун өкүлчүлүгүнүн салтанаттуу ачылышы тууралуу макулдашууга кол коюулуп, борборду Ж. Баласагын атындагы КУУнун ректору Т.А. Абдырахманов жана Алтай мамлекеттик университетинин президенти С.В. Землюков ачып, салтанаттуу ачылыш улуттук ыр, күү жана бий менен коштолду.

Ошондой эле, илимий конференциянын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” коомдук фондунун төрагасы, кыргыз тарыхчысы, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Кыяс Сатар уулу Молдокасымовдун 60 жылдыгына арналган «Борбор Азия өлкөлөрүндө архивдик жана булак таанууну өнүктүрүүнүн тарыхый, методологиялык жана башка өңүттөрү» аттуу эл аралык симпозиум жана симпозиумга удаалаш Кыргыз Республикасынын билим жана илим министрлигинин проектисинин алкагындагы «Кыргызстан жана ШКУ: Борбордук Азия чөлкөмүндөгү коопсуздук маселелери контекстинде өз ара аракеттенүүнүн учурдагы тенденциялары» аттуу кереге кеңеш уюштурулду.

Аталган илимий эл аралык конференция пленардык отурум жана 4 багыттагы секциалык жыйындар менен улантылды.

1-СЕКЦИЯ: «Орто кылымдардагы жана жаңы доордогу Евразиядагы түрк мамлекеттеринин тарыхы», модераторлор: КТМУнун профессору М.Ч. Кожобеков, т.и.д., АлтМУнун профессору П.К. Дашковский.

2-СЕКЦИЯ: «Орто кылымдардагы Евразиядагы этносаясий жүрүмдөрдүн методологиясы жана тарыхый булактары», модераторлор: т.и.д., Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору А.Р. Бикбулатова, т.и.д., Чирчик мамлекеттик педагогикалык университетинин профессору Н.А. Назаров,

3-СЕКЦИЯ: “Евразиядагы түрк элдеринин тарыхындагы Улуу Жибек жолунун ролу”, модераторлор: т.и.к., Ж.Баласагын атындагы КУУнун доценти Т.И. Асанов, т.и.к., К.Ш.Токтомаматова атындагы Эл аралык университетинин профессору Ж.А. Дүйшеев.

4-СЕКЦИЯ: «Евразиядагы түрк элдеринин маданияты жана алардын орто кылымдардагы тарыхый коңшулары жана алардын өз ара таасири», модераторлор: т.и.д., Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору О.К. Каратаев жана т.и.д., АлтМУнун профессору А.А. Тишкин.

Илимий конференция 10-июнда Ысык-Көл облусундагы Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борбору улантылды. 10:00-15:00 чейин “Орто кылымдардагы түрк мамлекеттеринин тарыхындагы диний ишенимдер, культтар, ислам жана башка дүйнөлүк диндер” атуу темадагы кереге кеңеш жана талкуу аянтчасы болуп өтүп, андан соң конференция жыйынтыкталды.

02

03

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

Шаршенбек кызы Айперичөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын ага окутуучусу 

(Автордун стилистикасы менен грамматикасы сакталды)

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 348 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары