Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Башкы имараттагы жагымдуу өзгөрүүлөр уланууда

00Бул жолку өзгөрүүлөр башкы имараттын чыгыш жана батыш тарабындагы клумбалардын, о.э. алардын каршысындагы кашаа менен тосулган бакчанын ичине орнотулган эстеликтерди камтыды. Ал эстеликтерди ары-бери өткөндө баарыбыз эле көрүп жүрчүбүз, бирок, качан, кимге коюлганын, кантип аталаарын жана авторлору ким экенин сырттан келген меймандар эле эмес, университетте иштеген кызматкерлердин да басымдуу көпчүлүгү билбейт болчу. Ушул жагдайды эске алып, Төлөбек Абдырахманов КУУга ректор болуп келгенден кийин эле, 2022-жылдын октябрь айынын башында, университеттин басма сөз кызматына эстеликтердин баарын сүрөткө тартып, окуу жайдын художниги Болот Чегебаевге берүүгө, ал кишиге болсо сүрөттөрдүн жардамы менен эстеликтердин аталышын, авторлорун ж.б.у.с. маалыматтарды тактоо боюнча  тапшырма берген. 

Изилдөө иштери Т.Садыков атындагы Улуттук көркөм академиясында, ар кандай архивдерде өткөн жылдын ноябрь айынан үстүбүздөгү жылдын апрель айларына чейин уланып, жыйынтыгында бул эстеликтер 1998-жылдын сентябрь-октябрь айларында улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 70 жылдык мааракесине карата өткөрүлгөн “Ч.Айтматовдун чыгармалары сүрөт искусствосунда" деген скульпторлордун XI республикалык симпозиумуна катышкан айкелчиледин эмгектери экени, о.э. ар бир эстеликтин автору, аталышы жана жасалган материалы аныкталды.

Андан кийин, ректордун тапшырмасы менен кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бакыт Жайлообаев менен анын орун басары Актилек Солтоноев ар бир эстелик тууралуу кыргыз тилинде маалымат даярдашты. Керектүү  материалдар топтолгон соң, басма сөз кызматынын башчысы Жээнбек Эралиев университеттин сайтында атайын рубрика ачып, ал жакка эстеликтер тууралуу маалыматтарды жайгаштырды жана ар бир эстеликке QR-код киргизди. 

2023-жылдын 5-8-июнь күндөрү Университеттин буйрутмасы менен жогоруда айтылган маалыматтар жазылган 36 табличка даярдалып, эстеликтердин алдына орнотулду. Табличкада эстеликтин автору, аталышы, жасалган жылы, материалы, QR-коду жазылган. QR-код аркылуу жогоруда айтылгандардан сырткары, эстелик Ч.Айматовдун кайсы чыгармасынын каарманы экендиги жана ал чыгарма тууралуу маалымат алууга болот. Ал үчүн телефондогу фотоаппаратты иштетип, QR-кодго жакындатсаңыз, сайттагы маалыматка шилтеме чыгат. Аны басып, эстелик тууралуу толук маалымат алууга болот. Айтмакчы, телефондун QR-кодду окуй алаарын текшерүү үчүн ушул тексттен кийин берилген сүрөттөрдү колдонууга болот.

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

24

26

28

30

32

34

36

38

40

42

44

46

press knu 2023

 

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 347 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары