Фундаменталдык илимдер институтунда «Жасалма интеллект» илимий-изилдөө борбору ачылды
2023-жылдын 8-июнунда 3-окуу имаратынын 3-кабатында Фундаменталдык илимдер институтунун «Жасалма интеллект» илимий-изилдөө борбору ачылды. Борбордун алдына тартылган кызыл лентаны Билим берүү жана илим министрлигинин илим бөлүмүнүн башчысы Жылдызбек Жакшылыков менен КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов кесишти. Андан кийин, аземдин катышуучулары илимий изилдөө борборунун "Прикладдык изилдөөлөр жана робототехника", "Жасалма интеллект жана Big Data", "R&D (Изилдөө жана өндүрүү)" деп аталган лабораториялары менен таанышып чыгышты. Борбордун структурасы, алдына коюлган милдеттер жана аткарылып жаткан иштер тууралуу Фундаменталдык илимдер институтунун директору Амантур Рыспаев айтып берди.
Анын айтымында, илимий-изилдөө борбору илимий иш-чараларды уюштуруу, гранттык конкурстар, эксперттик жана аналитикалык иштер жаатында КУУнун кызматкерлеринин жана илимий топторунун ишмердүүлүгүн консолидациялоо жана өнүктүрүү максатында түзүлгөн. Борбордун кызматкерлери о.э. университеттин билим берүү түзүмдөрүнүн академиялык жана өндүрүш багытында республикалык жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен жасалма интеллект жана маалыматтык технологогиялар боюнча тыгыз кызматташуусун уюштуруу жана кеңейтүү, приоритеттүү багыттардагы илимий, технологиялык долбоорлорду иштеп чыгуу жана аларды ишке ашыруу иштерин жүргүзөт. Андан сырткары, алар бакалавриат менен магистратуранын «Жасалма интеллект» багытындагы программаларын өнүктүрүү, адистер менен окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу боюнча илимий-практикалык семинарларды, конференцияларды, курстарды уюштурат.
"Прикладдык изилдөөлөр жана робототехника" лабораториясында студенттер менен магистранттар жетекчилерге өздөрү жасаган дрон тууралуу айтып, бөлмөнүн ичинде учуруп да беришти. R&D лабораториясында илимий изилдөөлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгында продукциянын үлгүлөрү иштеп чыгылат, б.а. алынган жаңы билимдер жаңы продукцияларды түзүүдө колдонулат.
«Жасалма интеллект» илимий-изилдөө борборунун ачылуу аземине арналган жыйында КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов, Билим берүү жана илим министрлигинин илим бөлүмүнүн башчысы Жылдызбек Жакшылыков, илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев, Борбор-Азиялык жерди прикладдык изилдөө институтунун директору Болот Молдобеков, «Dolon Systems» компаниясынын вице-президенти Руслан Ибрагимов, «Ulut Soft» компаниясынын башкы директору Мирбек Окенов, долбоордун жетекчиси Баратбек Сабитов чыгып сүйлөштү.
Төлөбек Абдырахманов Улуттук университетке жаңы кызматка келип атканда, окуу процесси боюнча кыжаалат болбогонун, анткени бул багытта иштей тургандар Кыргызстанда толтура экенин, бирок "силердикиндей ишке келгенде" тынчсызданганын, "бул багытта иштей турган киши табылат болду бекен" деп кыжаалат болгонун айтып, бирок Улуттук университеттин уучу кур эмес, жакшы балдар, жакшы кыздар - өгөчө жаштар бар экенин айтып, алардан 3-4 команда түзүлгөнүн белгиледи. - Идеяга аябай берилген, духтары күчтүү балдар экен. Иштеп көрүшсүн, булардын колунан жакшы нерселер келет деп ишенем. "Сууну сиңген жерге куй" демекчи, ректорат колунан келишинче колдойт. Силер өсүп чыксаңар, башкалар да аракет кылат, "жасаса болот турбайбы" деп. Анын үстүнө министрлик да, өкмөт да бул багыт боюнча талапты күчтүү коюп атат. Ишиңерге ийгилик, - деди Төлөбек Абдырахманов.
- Улуттук университет Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын арасынын суурулуп чыгып, өзүн көргөзүп, эл сыймыктанган университет боло алат деп ишенем. Анткени, Улуттук университет - көрөңгөсү бар, башка университеттердин баары чыккан университет. Илимий, педагогикалык потенциал бар. Болгону, силкинип, бир аз иштеш керек. "Жасалма интеллект" боюнча ноябрь айында белгиленүүчү Илим күнүнө карата кичинекей болсо да "кармап көрө турган" нерсени көрсөтүп, айтып бергиле. Баарыңарга эмгек, тырышчаактык, аракет каалайм, - деди Билим берүү жана илим министрлигинин илим бөлүмүнүн башчысы Жылдызбек Жакшылыков.
Белгилей кетсек, "Жасалма интеллект жана Big Data" лабораториясын техникалык жактан камсыздоого Ulut Soft компаниясынын башкы директору Мирбек Окенов зор салым кошту. Ал эбегейсиз чоң көлөмдөгү маалыматтарды удаалаш эмес, параллель иштетүүчү Ryzen 75800 процессорунун негизинде жасалган GPU-server алып, орнотуп берди.
КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар
- Кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова КУУдагы эл аралык илимий-практикалык конференцияда доклад жасады
- Кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияда доклад жасады
- Жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын ага окутуучусу Нурбекова С.Н. ПиП(б)-1-20 группасынын студенттерине ачык сабак өттү
- КУУнун студентерине “Жаңы күч” көркөм фильми көрсөтүлдү
- №7-жатаканада жашаган студенттер Универсиада оюндарында
- Ала-Тоо университетинин кафедра башчысы кесиптик колледждин студенттери үчүн дарс окуду
- №5-студенттик жатаканада "Ак демилге" коомдук фонду тарабынан ооз ачуу уюштурулду.
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери ишембиликке чыгышты
- Матфактын студенттик активи Бишкектеги №7-орто мектептин директору менен жолугушту
- № 7-жатаканада Нооруз майрамы белгиленди
- КУУнун студенттик кеңеши “Эки ооз сөз” аттуу жандуу маек өткөрдү
- Ага окутуучу Дубанаева С.А. чөлкөм таануу багытында билим алган студенттер үчүн кытай элинин маданиятына арналган ачык сабак өткөрдү
- Математика жана информатика факультетинин студенттери ишембиликке активдүү катышты
- География, экология жана туризм факультетинин эмгек жамааты студенттер менен биргеликте ишембилик өткөрүштү
- 7-жатакананын жашоочусу бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында 3-орунду ээледи
- Экономика факультетинин студенттери карылар үйүнө барышты
- Экономика факультетинин студенттери Баткендеги кагылуушуда жапа чеккен аскерлерге жана элге жардам көрсөтүштү
- 7-студенттик жатакана студенттери вахтерша кызматкерлерин куттукташты
- Педагогика факультетинин студенттери Бишкек шаарындагы “Свет” карылар үйүнө барышты
- Профессор Гулжамал Жаманкулова КРТКнын Маданият каналындагы Мамлекеттик тил күнүнө карата маекке катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Уфа шаарында өткөн эл аралык илимий конференцияга катышты
- Экономика факультетинин студенттери Ала-Арча жаратылыш паркына барып, эс алып келишти
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери "Ала-Арча" жаратылыш паркына барып келишти
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн панелдик дискуссияга катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Ч.Айтматовдун чыгармачылыгынын 70 жылдыгына арналган тегерек столго катышты
- Педагогика факультетинин окутуучусу Сайкал Эсеналиева "Көкөтөйдүн ашы" темасы боюнча ачык сабак өттү
- Кыргыз филологиясы факультетинин жамааты студенттерге ооз ачырышты
- №7-жатаканада жашаган жалпы студенттер ооз ачышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн-жыйындарга катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн-семинарга катышты
- Педагогика факультетинде "Мастер-классты өтүүнүн технологиясы" деген темада ачык сабак өтүлдү
- Педагогика факультетинин окутуучусу Мээрим Кубатбек кызы адабий иш-чара өттү
- Профессор Гүлжамал Жаманкулованын макаласы англис тилинде Нурсултанда жарык көрдү
- Педагогика факультетинде "Үйрөнүп жаткан тилдин практикалык курсу" боюнча ачык сабак өтүлдү
- Доцент Абдимомунова Апал Ч.Айтматовдун 93 жылдык мааракесине карата англис тилинде ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинде таймаш сабагы өткөрүлдү
- Ырым, сөзүм, элге жетип баркталармын; Кылымдарды аттап өтүп сакталармын
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Айдралиева Алима кызыктуу ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света онлайн-тарбиялык саат өттү
Пресс меню
Администратордон
Абитуриенттердин ?-лору
- Модератор 31.07.2023 11:42
-
Модератор
31.07.2023 11:38
Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...
-
Бегимай
10.07.2023 18:14
Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында
Студенттердин ?-лору
-
Айсулуу
29.06.2023 22:07
Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?
-
Аскар Сманов
29.04.2023 13:33
Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...
-
Мумина
23.03.2023 02:13
Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...
Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору
-
Asel
24.07.2023 17:06
Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?
-
Элбек
10.07.2023 12:37
Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...
-
Ислам
05.12.2022 15:02
Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...
Пикирлер жана сунуштар
-
Жыпаркул
24.01.2023 10:32
Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????
-
Канышай
24.01.2023 10:28
Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...
-
Юрфак 2 курс спо
22.12.2022 03:10
Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...
Көп окулган материалдар
- Абитуриент суроолору
- КУУнун түзүмдөрүнүн e-mail маалымдамасы
- Адреса учебных корпусов КНУ (обновлен 01.09.2017)
- КУУнун тарыхы (15.09.2012 жаңыланды)
- Ч. Айтматов. "Тоолор кулаганда (Кызкайып)". 1-бөлүк
- КУУнун жалпы мүнөздөмөсү (29.03.2016 карата)
- Студенттин суроолору
- Бүтүрүүчүнүн суроолору
- "Манас" эпосунун кыскача мазмуну
- Новости сайта
Толугу менен...