Бейшемби, Апрель 17, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

«Философия», «Саясат таануу» жана «Мамлекеттик кызмат» адистиктерин аяктаган бүтүрүүчүлөр 20 жылдан кийин жолугушту

00

2023-жылдын 3-июнь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында «Философия», «Саясат таануу» жана «Мамлекеттик кызмат» адистиктерин окуп аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусу болуп өттү. Иш-чарага ал кездеги мамлекеттик башкаруу жана социалдык изилдөөлөр институтуна 1998-жылы тапшырып, 2003-жылы аяктаган 60тан ашык бүтүрүүчүлөр, аларга сабак берген окутуучулар жана коноктор катышты.  Жыйынды модератор Айтбаев Азамат ачып, өткөрүлүп жаткан жолугушуунун кыскача максаты жөнүндө маалымат берип өттү. Андан соң кезек куттуктоо сөздөргө берилип, алгач КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов чыгып сүйлөдү. 

Ал жолугушуунун катышуучуларын куттуктап, мындай жолугушуулар университетте көп өткөрүлүп тураарын, бирок бүгүнкү иш-чара алардан өзгөчө жана биринчи жолу болуп жаткандыгын белгиледи. - Ар бир бүтүрүүчү өзүнүн бүткөн окуу жайын сыймыктануу менен айта жүрүшү керек. Урматтуу биздин университеттин бүтүрүүчүлөрү, мен сиздерге чың ден-соолук, узак өмүр каалайм, мындан аркы дагы чон-чон ийгиликтерди аркалап жүрүшүңөргө тилектешмин!

Ошол кездеги Мамлекеттик башкаруу жана социалдык изилдөөлөр институтунун директору болуп иштеген Аалыбек Акунов да бүтүрүүчүлөрдү майрамы менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалап, институттун кыскача тарыхынан маалымат берип өттү. Профессор Издевалды Искаков бүтүрүүчүлөрдүн студенттик кезинен сөз кылып, уюштурулуп жаткан иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, ыраазычылыгын билдирди жана иштерине ийгиликтерди каалап өттү.

Азыркы Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директору Камчыбек уулу Мырзабек институттун тарыхын, азыркы учурдагы абалын, келечеги жөнүндө толук маалымат берип, биз даярдаган кесиптердин ээлери коомдун бардык тармактарына керек экендигин, бардык тармактарга иштөөгө мүмкүнчүлүктөрү чоң экендигин баса белгиледи жана залда отурган катышуучулардын баардыгына ийгиликтерди каалады.

Андан соң, модератор Азамат Айтбаев программа боюнча эркин микрофон узатып, келген коноктордун ичинен алгач окутуучулар: Венера Ибраева, Кенже Тостокова, Таалайбек Иманкожоев уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришип, жакшы иш-чара өткөрүлүп жаткандыгын баса белгилешти. Куттук сөздөрүн айтышып, бүтүрүүчүлөрдүн студенттик учурларынан кызыктуу көз ирмемдерди эскерип өтүштү.

Мугалимдерге, жалпы университеттин жамаатына жана бүгүнкү жетекчиликке ыраазычылыктарын билдиришип, бүгүнкү жолугуунун максаты жөнүндө айтышып, бүтүрүүчүлөрдүн атынан: Эрмек Мукашов, Таалай Осмонов, Элиза Шамшидинова, Тахир Шинды ж.б. сүйлөштү.

Уюштуруучулар устаттарына ыраазычылык билдиришип, белектерин тапшырышып, университетке бүтүрүүчүлөрдүн фондун ачуу планын талкуулап, кабыл алышты. Ошондой эле, иш-чаранын бирден бир максаты болгон «Бүтүрүүчүлөрдүн аллеясы» аталган участокко барып, бак тигүү аземине катышышты. Андан кийин университеттин окуу корпусунда уюшулган фотозонага барып, эстеликке сүрөткө түшүштү жана этнофуршеттен даам татышты.

Иш-чаранын соңунда бүтүрүүчүлөргө эркин убакыт берилип, окуу корпустарга экскурсия уюштурулду.

Жыйынды аталган институттун «Саясат таануу», «Философия» «Мамлекеттик кызмат» адистиктерин окуп аяктаган бүтүрүүчүлөрү уюштурушту.

02

04

06

08

10

12

16

18

20

22

24

26

28

30

32

34

36

40

42

44

46

48

50

52

54

56

58

60

62

64

66

press knu 2023

А.Т.Качкынова - Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директорунун окуу иштери боюнча орун басары, доцент 

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 294 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары