Бейшемби, Апрель 17, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Көрүнүктүү окумуштуу жана педагог, профессор, тарых илимдеринин доктору Виктор Яковлевич Бутанаев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

00

Кыргызстандын билим берүү тармагы, этнография илими оор жоготууга учурады. Орусиялык чыгыш таануучу, хакас элинин заманбап тарыхчы окумуштуусу жана педагогу, профессор, тарых илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер (2002), Хакасия Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер (2006), "Теңир-тоолук кыргыздар менен хакастар Эне-Сай Кыргыз каганатын негиздеген орто кылымдардагы кыргыздардын орток урпактары" деген илимий пикирдин ырааттуу жактоочусу, "Даңк" медалынын,  III даражадагы "Манас" орденинин ээси, Кыргызстандагы айрым  университеттердин ардактуу профессору болгон Виктор Яковлевич Бутанаев 2023-жылы 5-июнда мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

В.Я.Бутанаев 1946-жылы 12-мартта  Камчатка облусунун Запорожье айылында төрөлгөн. 1994-2011-жылдары Хакас мамлекеттик университетинин Археология, этнография жана тарыхый чөлкөм таануу кафедрасын жетектеп келди жана ошол эле убакта кыргыз этнография илимине чоң салым кошкон.

1995-жылы Кыргызстан тарыхчылар коомунун (мурдагы Кыргызстан жаш тарыхчылар ассоциациясы) ардактуу мүчөсү болуп шайланган.

Профессор Виктор Яковлевич Бутанаев Саяно-Алтай этнографиясынын өзүнүн илимий мектебин түзгөн, ал Түштүк Сибирь элдеринин этникалык тарыхын, элдик маданиятын, салттуу экономикасын, каада укугун, динин, музыкалык маданиятын жана этнопедагогикасын изилдеген.

В.Я.Бутанаевдин окуу китептери, маалымдамалар, монографиялары Хакасиянын тарыхын, этнологиясын, түрк-монгол элдеринин тарыхын, хакастардын салттуу маданиятын жана турмушун жана башка илимдерди изилдөөдө колдонулат. Жарым кылымдан ашык илимий ишмердүүлүгүнүн ичинде 400гө жакын илимий макалалар, 30дан ашык монографиялар жарык көргөн. Анын эмгектери Орусияда, коңшу өлкөлөрдө гана эмес, Швейцария, Финляндия, Түркия, АКШда да популярдуу.

1996-жылы Россия Федерациясынын Жогорку билим берүү боюнча мамлекеттик комитетинин чечими менен археология, этнография жана тарых кафедрасынын профессору илимий наамы ыйгарылган.

Абаканга келген кыргыз тарыхчылары (Имел Молдобаев, Тынчтыкбек Чоротегин, Олжобай Каратаев  ж.б.) жана жазуучулары (Кеңеш Жусупов, Кердегей – Кубат Жусубалиев, ж.б.) үчүн Хакасияга жана Тывага этнографиялык сапарларды  уюштуруп, 1988-2015-жылдары өзү да Кыргызстанда бир нече ирет илимий сапарда болгон. Кыргызстандын жогорку окуу жайларында студенттер үчүн дарстарды  окуган. Саян-алтай этнографиясы тармагында илимий мектеп түзүүгө жетишкен.

Кыргызстандын тарых илиминин казынасын байытууга зор салым кошкон көрүнүктүү окумуштуу Виктор Яковлевич Бутанаевдин жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Маркумдун жакындары менен туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

04

Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору, т.и.д., профессор, КР УИА мүчө-корреспонденти  Т.А.Абдырахманов;

Базарбаев Э.

Ишекеев Н.

Айтахунов Б.К.

Сыдыкова Г.

Сырдыбаев Т.Т.

Чоротегин Т.

Арзыматова А.А.

Омурова Ж.О.

Асанов Т.И.

Асипбаева М

Чаргынов Т.Т. ж.б.

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 298 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары