Бейшемби, Апрель 17, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университетте Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү белгиленди

0

2023-жылдын 5-июнь күнү Улуттук университеттин башкы имаратынын алдындагы аянтчада жана чоң жыйындар залында Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүн белгилөөгө байланышкан иш-чаралар болуп өттү. Жусуп Баласагындын эстелигинин алдына боз-үйдү элестеткен арт-инсталляция орнотулуп, башкы имараттын фойесине сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. “Туруктуу келечек үчүн бирге” деп аталган бул күндү белгилөө концепциясынын негизги максаты – ысырапкорчулукту азайтуу жана жаратылыш ресурстарын сактоо аркылуу туруктуу келечекке карата жамааттык иш-аракеттерге дем берүү. Иш-чарага Бишкектеги окуу жайлардын студенттери менен экоактивисттер катышты. 

Чоң жыйындар залындагы иш-чараны экоактивист Исмаил Карыпов ачкандан кийин, Ысык-Көлдүн түбүндөгү таштандылар менен күрөшүү тууралуу "Защитники природы" деп аталган документалдык тасма көрсөтүлдү. 

КУУнун илимий иштери боюнча проректор Назаркул Ишекеев, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жанан техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев, БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве айым жыйындын катышуучуларын куттуктаган соң, Жаратылыш ресурстары, экология жанан техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев "Климаттын өзгөрүүсүнө каршы иш-аракеттер, жаш балдар жана жаштар боюнча декларацияга" кол койду. 

«Адам» аттуу кыска театралдык аткаруусунан кийин желим баштыктарды, идиштерди жана башка колдонулчу товарлардан баш тартуу боюнча жаштар чыгып сүйлөштү.

Чоң жыйындар залындагы иш-чара аяктаган соң, Жусуп Баласагындын эстелигинин алдындагы арт-инсталляциянын ачылышы, жашыл экономика үчүн студенттер союзунун флешмобу, ар түрдүү викторина, конкурстар, пластикти сорттоо, пластикти кайра иштетүү, жаратылышка пайда келтирчү идеялар боюнча мастер-класстар, дигитал сүрөтчүлөрдүн өздөрүнүн эмгектери жөнүндө айтып берүүсү ж.б.у.с. көптөгөн иш-чаралар өткөрүлдү.

Иш-чара БУУнун агенттиктери, Жаратылыш, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Кыргыз улуттук университети тарабынан уюштурулду.

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

24

27

28

30

32

34

36

38

40

42

44

46

48

50

52

54

press knu 2023


КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 299 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары