Бейшемби, Апрель 17, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

ЖКИнин окутуучулары чек арадагы куралдуу кагылышууларды чечүү жолдоруна арналган кереге кеңешке катышты

00

Журналистика жана коммуникация институтунун профессордук-окутуучулук курамынын мүчөлөрү КР Коргоо министрлигинин буйрутмасы жана Билим берүү жана илим министрлигинин “Борбордук Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин ортосундагы аскердик-саясый мамилелердин заманбап көз караштарын жана көйгөйлөрүн изилдөө жана мүмкүн болгон чек арадагы куралдуу кагылышууларды жөнгө салуу» долбоорунун алкагында  мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети тарабынан ѳткѳрүлгөн “Кыргыз Республикасында чек арадагы куралдуу кагылышуулар: көйгөйлөрү жана аны чечүү жолдору” аттуу кереге кеңешке катышты. Иш-чарага инвестициялар боюнча проректор Гүлбара Сыдыкова, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, журналистика жана коммуникация институтунун, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин профессордук-окутуучулук курамы, магистранттар жана студенттер катышты.

Кереге кеңеште КР Географиялык коомунун президенти, г.и.д. С.К.Аламанов “Формирование государственной границы и государственной территории” деген темада баяндама жасап, чек арадагы демаркация жана делимитация маселелерине токтолду. Андан тышкары, тегерек столдун жүрүшүндө УИАнын Мамлекет жана укук институтунун саясат таануу бөлүмүнүн башчысы, саяс.и.доктору Т.Б.Мамытов, КР Куралдуу күчтөрүнүн аскердик институтунун профессору Т.К.Мадымаров, КР Коргоо министрлигинин аскердик билим берүү жана илим башкармалыгынын башкы адиси Б.К.Жунусалиев, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коомдук бирикмелер менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси Б.Ж.Раимбеков чек арадагы негизги көйлөр, аны чечүү жолдору, эл аралык дипломатия, маалымат согушу, Кыргызстандын саясаты, чектеш, кошуна өлкөлөрдүн чек ара маселесиндеги позициясы, өсүп келе жаткан муунду өз эли-жерин сүйүүгө тарбиялоо, билим деңгээлин көтөрүү өңдүү бир катар көйгөйлүү маселелерди айтышты. Атайын баяндама менен долбоордун аткаруучу мүчөсү, мамлекетик жана муниципалдык башкаруу факультетинин доценти, саяс.и.к. Г.А.Нурматова жана факультеттин 3-курсунун студенттери – Баткен областынын тургундары А. Мурзакул кызы менен А.Файзуллаева чыгышты. Иш-чара суроо-жооп, талкуулоо менен коштолуп турду.

Тегерек столдун жыйынтыгында илимий-практикалык жактан кызматташтык боюнча резолюция кабыл алынды.

02

04

06

08

П.Джаныбекова - адис

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 293 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары