Бейшемби, Апрель 17, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университетте “Жаштар элдин үмүтү, өлкөнүн келечеги” аталышындагы республикалык форум болуп өттү

00

2023-жылдын 30-май күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында жаштар саясаты жана спорт департаменти тарабынан уюштурулган “Жаштар элдин үмүтү, өлкөнүн келечеги” аталышындагы республикалык жаштар форуму болуп өттү. Улуттук баалуулуктарды, нарк насилди жаштар арасында жайылтуу менен катар алардын илимге, билимге болгон кызыгуусун арттыруу жана мекенчилдик сезимдерин өнүктүрүү максатында Кыргыз улуттук университети менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан өткөрүлгөн иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, өлкөбүздүн бир катар жогорку окуу жайларынан келген студенттер, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышты. Форумдун алдында келген коноктор Ж.Баласагындын эстелигине гулчамбар коюшуп, башкы имараттын фойесинде уюштурулган «Мен сени сүйөм, өмүр» аттуу сүрөт коргөзмө менен таанышты.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов кеңири форматта сөз сүйлөп, ааламдашуу заманында улуттун иденттүүлүгүн сактоодо өлкөнүн келечеги болгон жаштардын ролу зор экенин баса белгиледи. Ал эми, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин айтымында "биздеги негизги идеология саясий дагы эмес, экономикалык дагы эмес, диний да эмес, руханий идеология болуш керек". 

Форумдун темасы боюнча тарых илимдеринин доктору, профессор, КР эмгек сиңирген мугалими Балтагул Нурунбетов менен педагогика илимдеринин доктору, профессор Сулайман Рысбаев баяндамаларды жасашты. Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинин сектор башчысы Эржигит Иманалиев жаныдан иштелип чыгып, талкууга сунушталып жаткан мугалимдин, окуучунун жана -ата-энелердин кодекстери тууралуу билдирүү жасады. 

КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов модераторлук кылган пленардык жыйындан кийин форумдун иши “Адеп-ахлактуу жаштар маданияттуу коомдун жаратманы”, “Билимдүү жаштар өлкөнүн келечеги жана коомдун күзгүсү” жана “Жаштар мамлекеттүлүктүн тиреги жана кыймылдаткыч күчү” деген секцияларда уланып, Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков, педагогика илимдеринин доктору, профессор Ишенгүл Болжурова, мамлекеттик жана коомдук ишмер Алиясбек Алымкулов спикер болушту. 

Жаштар форуму катышуучулардын флешмобу жана тилектер менен шарларды кое берүү аземи менен аяктады.

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

21

22

23

24

25

26

27

28

30

32

34

36

38

40

42

46

48

50

52

54

56

58

60

62

64

65

66

67

68

69

70

71

72

73

74

75

76

77

78

79

80

81

82

83

84

85

press knu 2023

69

58

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 306 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары