Бейшемби, Апрель 17, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

КУУда ПКМДИнин негиздөөчүсү И.Исамидиновдун жаркын элесине арналган эл аралык илимий-практикалык конференция болду

002023-жылдын 26-майында башкы имараттагы чоң жыйындар залында И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту бул институттун негиздөөчүсү, п.и.д., профессор Исамидинов Искендер Чоңмуруновичтин жаркын элесине арналган «Педагогикалык кадрларды даярдоонун теориясы жана практикасынын актуалдуу маселелери» аттуу V эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрдү. Жыйынга Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз билим берүү академиясынын, И.Арабаев атындагы КМУнун, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин, К.Карасаев атындагы БМУнун, Казак Улуттук кыз-келиндер педагогикалык университетинин, М.Х.Дулати атындагы Тараз регионалдык университетинин, Чуваш Республикасынын Билим берүү министрлигинин, И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын, К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун, С.Нааматов атындагы НМУнун, БатМУнун, А.Осмонов атындагы №68 мектеп-гимназиясынын, Каракол шаарынын №6 ЖОББ ж.б. мектептердин өкүлдөрү катышты.

Конференцияны КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов ачып берген соң, пленардык отурумда илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев, УИАнын корр.-мүчөсү, КР педагогдор коомунун жетекчиси, профессор, “Физиканы окутуунун технологиялары” кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор Мамбетакунов Э.М., Кыргыз Билим берүү академиясынын башкы илимий кызматкери, п.и.д., профессор Байгазиев С.О., КУУнун жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор Асипова Н.А., М.Х.Дулати атындагы Тараз регионалдык университетинин педагогика кафедрасынын башчысы, п.и.к., профессор Бузаубакова К.Д., Кыргыз билим берүү академиясынын Кесиптик билим берүүнүн проблемалары бороборунун директору, п.и.д., профессор Добаев К.Д., И.Арабаев ат. КМУнун педагогика кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор Калдыбаева А.Т., Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин педагогика кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор Алимбеков А.А., Кыргыз Билим берүү академиясынын башкы илимий кызматкери, п.и.д., профессор Рыспаев С.К., КУУнун И.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору, п.и.к., профессор Сулайманова Р.Т. кызыктуу баяндамаларды жасашты.

Педагогикалык кадрларды даярдоонун теориясы жана практикасынын актуалдуу маселелерин талкуулоо жана мугалимдердин билимин өнүктүрүү боюнча пикир жана тажрыйба алмашуу үчүн кесиптик аянтча болуп саналган конференцияга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз билим берүү академиясынын өкүлдөрү, Ж.Баласагын атындагы КУУнун,  И.Арабаев атындагы КМУнун, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин, К.Карасаев атындагы БМУнун, Казак Улуттук кыз-келиндер педагогикалык университетинин, М.Х.Дулати атындагы Тараз регионалдык университетинин, Чуваш Республикасынын Билим берүү министрлигинин Билим берүү институтунун, И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын, К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун, С.Нааматов атындагы НМУнун, Баткен мамлекеттик университетинин окутуучулары жана А.Осмонов атындагы №68 мектеп-гимназиясынын директору, Каракол шаарынын №6 ЖОББ ж.б.мектептердин мугалимдери катышты. Жалпы 3 мамлекеттин 12 жогорку окуу жайларынын окутуучулары, 3 ЖОББ мектептердин мугалимдери катышты.

Конференциянын  экинчи бөлүмүндө төмөнкү 6 секциялык иш алып барылды:

1- секция: Заманбап билим берүү процесстин жалпы көйгөйлөрү.

Модератор: п.и.д., профессор Рыспаев С.К.

Катчы: п.и.к., профессор Сулайманова Р.Т.;

2-секция: Табигый-математикалык дисциплиналарды жана предметтерди окутуунун интерактивдүү технологиялары.

Модератор: пед.и.д., профессор, Мамбетакунов Э.М.

Секретарь: пед.и.к., доцент Кайдиева Н.К.;

3- секция: Гуманитардык билим берүүдөгү инновациялык процесстер.

Модератор: п.и.д., профессор Н.Ишекеев

Катчы: филол.и.к., доцент Абдимомунова А.О.;

4- секция: Педагогду даярдоонун психологиялык-методологиялык камсыздоосу.

Модератор: п.и.д., профессор - Сманбаев О.А.

Катчы: п.и.к., доцент - Кудайбергенова З.С.;

5-бөлүм: секция 5. Элдик педагогиканын тарбиялоо потенциалын пайдалануу жолдору.

Модератор: пед.и.д., профессор, Алимбеков А.А.

Секретарь: пед.и.к., доцент Адылбек кызы Г.;

6-секция: Мектепке чейинки балдардын жана башталгыч класстын окуучуларынын жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү маселелери.

Модератор: п.и.д., профессор Калдыбаева А.Т.

Катчы: п.и.к., доцент Юсупова А.М.

Ар бир секцияда катышуучулар таменын алкагында кызыктуу баяндамаларды окушту, кызуу талкуу жүрдү.

Конференция жалпы пленардык жыйындарда, секциялык бөлүмдөрдө аныкталган маселелерди талкуулоо үчүн тегерек стол менен жыйынтыкталды.

01

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

press knu 2023

Жуматаева А.С. - МЧМПжББТ кафедрасынын ага окутуучусу

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 358 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары