Бейшемби, Апрель 17, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Улуттук университетте илим тармагынын абалы, келечеги жана өнүгүү концепциясы талкууланды

00

2023-жылдын 26-майында башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда "Илим тармагынын абалы, келечеги жана туруктуу өнүгүү концепциясы” темасында тегерек стол болуп өттү. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева, Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, о.э. жогорку окуу жайлардын ректорлору, Улуттук илимдер академиясынын институттарынын директорлору, илимпоздор жана эксперттер катышты. Жыйынды Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу алып барды.

Модератор өткөрүлүп жаткан иш-чаранын максаты тууралуу билдирүү жасап, сөз кезегин Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсаловго берди. Ал азыркы экономикалык шартта өлкөбүз өтө креативдүү ойлонгон, идеяларга бай, өз ишин мыкты билген адистерге муктаж экендигин, билимдүү жана эмгекчил адамдар мамлекетибиздин эң башкы ресурсу жана байлыгы экендигин белгилеп, катышуучуларды күн тартибиндеги маселе боюнча формалдуу эмес, ачык пикир алмашууга чакырды.

Андан кийин сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин депутаты Винера Раимбачаева "Кыргыз Республикасынын илим жөнүндө мыйзамы" парламентте биринчи окууда каралгандыгын билдирип, мыйзам долбоору кабыл алынып калса илимий жана илимий-техникалык уюмдардын өнүгүшү жана иштеши, о.э. илимий натыйжаларды өндүрүшкө киргизүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлөөрүн белгиледи. .

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев илимий натыйжаларды жалаң эле чет өлкөдө жарыялоо туруктуу өнүгүүгө алып келбесин белгилеп, санариптештирүү доорундагы дүйнөлүк чакырыктарга татыктуу жооп берүү үчүн математика, математикалык моделдештирүү жана жасалма интеллект сыяктуу фундаменталдык жана прикладдык багыттарды өнүктүрүү керектигин айтты. "Жасалма интеллект кыргыз тилин, дилин, наркын, макал-лакаптарын, улуттук баалуулуктарын өзүнө камтып, түшүнүп, өркүндөтүшү керек. Кыргыз интеллекти 21-кылымда татыктуу ордун табышы абзел. Дүйнө жүзүндөгү COVID-19 пандемиясы медицина, биология, химия, физика сыяктуу табият-таануу илимдерин өнүктүрүүнүн актуалдуулугун көрсөттү”, - деди министр. Каныбек Иманалиев о.э. өзү жетектеген ведомство тарабынан илимди өнүктүрүү боюнча жасалып жаткан иштер, көтөрүлүп жаткан демилгелер боюнча маалымат берди

Жыйындын андан аркы бөлүгүндө Илим жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулоо башталып, ал боюнча Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов, Улуттук аттестациялык комиссиясынын төрайымы Бакыт Тынапиева жана Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору Рахат Керимбаева чыгып сүйлөштү.

Мамлекеттик илим-изилдөө институттарынын ишмердүүлүгүн баалоо максатында түзүлгвн ведомстволор аралык жумушчу топтун аналитикалык корутундусу менен министрликтин илим бөлүмүнүн башчысы Жылдызбек Жакшылыков тааныштырган соң, тегерек столдун темасы боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасынын алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин катчысы, э.и.д., профессор Батыркул Баетов; эксперт Нурлан Омуров, профессор Таалайбек Иманалиев, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Илимий-техникалык кеңешинин төрагасынын орун басары Талант Сооронбаев, УИАнын институттарынын директорлору Алтай Бөрүбаев, Нур Саралаев, Аблабек Асанканов жана башкалар өз ойлорун айтышты.

Тегерек столго о.э. онлайн-режимде 30дан ашуун илимпоздор, окумуштуулар, жетекчилер катышты.

02

04

06

08

10

12

14

15

16

18

20

22

23

25

26

27

28

29

30

40

41

42

43

44

45

50

51

52

53

54

55

56

57

58

59

60

70

press knu 2023

Материал Билим берүү жана илим министрлигинин фейсбук баракчасындагы билдирүүнүн негизинде даярдалды.

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 341 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары