Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

КУУда мамлекеттик тилди ЖОЖдо окутуу боюнча илимий-практикалык жана окуу-методикалык семинар болуп өттү

00

2023-жылдын 19-май күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында “Мамлекеттик тилди жана адабиятты ЖОЖдо окутуу: азыркы абалы, тажрыйбалар, ойлор, көйгөйлөр” аттуу педагогикалык чеберчиликти жогорулатуу боюнча илимий-практикалык жана окуу-методикалык семинар болуп өттү. Иш-чараны факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы Гүлмира Осмоналиева ачып, семинардын максаты жана күтүлүп жаткан натыйжалар тууралуу билдирүү жасап, сөз кезегин КУУнун ректору Төлөбек Абдырахмановго берди. Ал Улуттук университет өзгөчө статус алгандыгына байланыштуу алдыда чоң өзгөрүүлөр болоорун, ошондуктан бардык нерсеге даяр болуш керек экендигин айтып, "Бүгүнкү отурумда темага коюлган көйгөйлөрдү чечиш үчүн, жагдайларды жакшыртыш үчүн стандарттуу эмес сунуштар айтылып, жакшы жыйынтык болот деген ойдомун", - деди.

КУУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Садык Алахан, Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Г.У.Ибраимова, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил  жана тил саясаты боюнча улуттук  комиссиясынын башкы адиси Зинат Кадырова, Кыргызтест мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Б.Б.Ставинская-Топоева куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.  

Андан кийин, баяндамаларга кезек берилди.

  • В.И.Мусаева - И.Арабаев атындагы КМУнун профессору: “Кыргыз тилинин предметтик стандарты же кыргыз тилин компетенттүүлүккө багыттап окутуу тууралуу”;
  • Жумагул кызы Айнура - И.Раззаков атындагы КТУнун кыргыз тили кафедрасынын башчысы: “Техникалык жогорку окуу жайында кыргыз тилин окутуунун келечеги”;
  • Ш.Б.Баратова - КУУнун компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директору: “Билим берүү системасындагы санариптештирүүнүн орду жана ролу”;
  • Г.С.Дүйшеева - “Тилсlаb” кыргыз тилин  окутуу борборунун жетекчиси: “Деңгээлдик система менен окутуунун өзгөчөлүктөрү”;
  • Ч.Д.Тюменбаева - КУУнун факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын ага окутуучусу: “Интеллект картаны кантип түзөбүз?”;
  • Э.Төлөкова - Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин тилдер кафедрасынын ага окутуучусу: “Жогорку окуу жайларында, кесиптик билим берүүчү орто окуу жайларында кесиптик багытта адистик боюнча кыргыз тилинде билим берүүгө байланыштуу маселелер”.

Иш-чара суроо-жооп форматында абдан кызыктуу өтүп, соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

02

04

06

08

09

10

12

14

15

18

20

22

24

26

28

30

34

36

38

40

42

44

46

48

press knu 2023

Кадыржан Жусупкелдиев – факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын ага окутуучусу

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 298 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары