КУУда “Радио – жаңы технологиялар шартында” аттуу кереге кеңеш болуп өттү
2023-жылдын 4-май күнү санариптик технологиялар борборунда Журналистика жана коммуникация институту менен Улуттук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип уюштурган “Радио – жаңы технологиялар шартында” аттуу кереге кеңеш болуп өттү. Иш-чараны КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов ачып, радио балачагынан бери маалымат алуунун негизги булагы болуп келгенин, жаңы технологиялардын өнүккөн доорунда да радио өзүнүн ордун, баркын, баасын, актуалдуулугун жоготпогонун баса белгиледи. Ректор о.э. журналистика факультети жаңы структура болуп түзүлүп, анын алдында чоң максаттар, чоң миссия турганын айтып өттү. Ошону менен бирге институт өлкөнүн ички рыногуна, массалык маалымат каражаттарына, анын ичинде радиодо кызмат кылчу адистерди даярдоодо чоң жоопкерчиликти жүктөп келаткандыгына токтолду.
Иш-чарага УТРКнын Кыргыз радиосунун, Биринчи радиосунун жана Миң-Кыял ФМдин, “Кабар” агенттигинин, региондордон келген агенттиктердин, Кыргызстандагы журналистика факультети же кафедрасы бар жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышты. Жолугушууда теоретиктер менен практиктердин ойлору айтылып, радионун абалы, коомдо ээлеген орду, коомдук аң-сезимди калыптандыруудагы ролу, жаңы радиожурналисттерди даярдоодогу окуу ыкмаларынын маселеси каралды. Бүгүнкү жаңы технологиялар шартында радиожурналист кандай көндүмдөрдү билиши керек сыяктуу бир катар актуалдуу маселелер талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө УТРКнын директорунун орун басары У.Сатиев бүгүнкү күндө Кыргыз радиосунун, Биринчи радионун, Миң-Кыял ФМ радиосунун, Келечек балдар редакциясынын контентин өлкөнүн баардык аймактарына жеткирүү үчүн Улуттук корпорациянын жетекчилиги тиешелүү аракеттерди көрүп жаткандыгын, өзгөчө өлкөнүн түштүк аймагындагы айыл жерлерине радио жеткенин жана жаңы технологиялар шартында радиону тиркеме аркылуу угууга мүмкүнчүлүк түзүүгө аракеттер көрүлүп жатканын баса белгиледи. Аны менен катар мамлекеттин кызыкчылыгын, мамлекеттин саясатын жүргүзүүдө радионун ролу чоң экенин айтып өттү.
УТРКнын программалоо жана пландоо бөлүмүнүн башчысы Б.Сутенова, КРнын Эл артисти, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору М.Мамбетакунов өз сөздөрүндө бүгүнкү радиожурналистиканын контентинде оюн-зоок, көңүл ачуучу программалар болушу керектигине, аны менен катар радионун агартуучулук миссиясын дагы унутпоо зарыл экенин баса белгилешти.
Кереге кеңеште “Кыргыз жолу” коомунун төрагасы К.Кошалиев, “Кут билим” медиаборборунун директору К.Чекиров дагы сөз сүйлөп, Кыргызстандагы радионун абалы, орду тууралуу пикирлерин билдиришти. Анын ичинде адеп-ахлак, тил, маданият, тарых, үрп-адат, каада-салт, улуттун философиясы, улуттун уңгусу өңдүү маселелер көтөрүлүп, техниканын өнүккөн доорунда радиодо даярдалган контентти ар бир угарманга жеткирүү чоң жоопкерчиликти талап кылары айтылып, кызыктуу талкуу жаралды.
Миң-Кыял радиосунун продюсери Т.Кожобеков өз сөзүндө музыкалык контент, бул жөн эле музыка эместигине, саясатты, улуттук идеологияны да музыка менен берсе болоруна токтолуп, аны менен катар Миң-Кыял ФМдин заман талабына жараша фейсбук, телеграм, инстаграм өңдүү социалдык тармактарда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатканын айтып кетти.
Биринчи радионун продюсери Б.Тукеев Биринчи радио маалыматтык берүүлөрдү элге жеткирип келе жаткан 90 жылдык тарыхы бар радио экенин баса белгилеп, аны менен бирге 7-май - Радио жана байланыш кызматкерлеринин кесиптик майрамын утурлай мыкты деңгээлдеги иш-чара уюштуруп бергендиги үчүн Ж.Баласагын атындагы КУУнун жетекчилигине терең ыраазычылыгын билдирди.
Келген коноктор Улуттук университетте радионун контентин, тарыхын изилдеген, ошондой эле радионун келечеги тууралуу илимий изилдөөлөр, илимий диссертациялар, илимий иштер жазылып, радиого көмөкчү болуп берсе деген пикирлерин айтышты.
П.Джаныбекова - адис
.
КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар
- Кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова КУУдагы эл аралык илимий-практикалык конференцияда доклад жасады
- Кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияда доклад жасады
- Жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын ага окутуучусу Нурбекова С.Н. ПиП(б)-1-20 группасынын студенттерине ачык сабак өттү
- КУУнун студентерине “Жаңы күч” көркөм фильми көрсөтүлдү
- №7-жатаканада жашаган студенттер Универсиада оюндарында
- Ала-Тоо университетинин кафедра башчысы кесиптик колледждин студенттери үчүн дарс окуду
- №5-студенттик жатаканада "Ак демилге" коомдук фонду тарабынан ооз ачуу уюштурулду.
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери ишембиликке чыгышты
- Матфактын студенттик активи Бишкектеги №7-орто мектептин директору менен жолугушту
- № 7-жатаканада Нооруз майрамы белгиленди
- КУУнун студенттик кеңеши “Эки ооз сөз” аттуу жандуу маек өткөрдү
- Ага окутуучу Дубанаева С.А. чөлкөм таануу багытында билим алган студенттер үчүн кытай элинин маданиятына арналган ачык сабак өткөрдү
- Математика жана информатика факультетинин студенттери ишембиликке активдүү катышты
- География, экология жана туризм факультетинин эмгек жамааты студенттер менен биргеликте ишембилик өткөрүштү
- 7-жатакананын жашоочусу бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында 3-орунду ээледи
- Экономика факультетинин студенттери карылар үйүнө барышты
- Экономика факультетинин студенттери Баткендеги кагылуушуда жапа чеккен аскерлерге жана элге жардам көрсөтүштү
- 7-студенттик жатакана студенттери вахтерша кызматкерлерин куттукташты
- Педагогика факультетинин студенттери Бишкек шаарындагы “Свет” карылар үйүнө барышты
- Профессор Гулжамал Жаманкулова КРТКнын Маданият каналындагы Мамлекеттик тил күнүнө карата маекке катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Уфа шаарында өткөн эл аралык илимий конференцияга катышты
- Экономика факультетинин студенттери Ала-Арча жаратылыш паркына барып, эс алып келишти
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери "Ала-Арча" жаратылыш паркына барып келишти
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн панелдик дискуссияга катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Ч.Айтматовдун чыгармачылыгынын 70 жылдыгына арналган тегерек столго катышты
- Педагогика факультетинин окутуучусу Сайкал Эсеналиева "Көкөтөйдүн ашы" темасы боюнча ачык сабак өттү
- Кыргыз филологиясы факультетинин жамааты студенттерге ооз ачырышты
- №7-жатаканада жашаган жалпы студенттер ооз ачышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн-жыйындарга катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн-семинарга катышты
- Педагогика факультетинде "Мастер-классты өтүүнүн технологиясы" деген темада ачык сабак өтүлдү
- Педагогика факультетинин окутуучусу Мээрим Кубатбек кызы адабий иш-чара өттү
- Профессор Гүлжамал Жаманкулованын макаласы англис тилинде Нурсултанда жарык көрдү
- Педагогика факультетинде "Үйрөнүп жаткан тилдин практикалык курсу" боюнча ачык сабак өтүлдү
- Доцент Абдимомунова Апал Ч.Айтматовдун 93 жылдык мааракесине карата англис тилинде ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинде таймаш сабагы өткөрүлдү
- Ырым, сөзүм, элге жетип баркталармын; Кылымдарды аттап өтүп сакталармын
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Айдралиева Алима кызыктуу ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света онлайн-тарбиялык саат өттү
Пресс меню
Администратордон
Абитуриенттердин ?-лору
- Модератор 31.07.2023 11:42
-
Модератор
31.07.2023 11:38
Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...
-
Бегимай
10.07.2023 18:14
Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында
Студенттердин ?-лору
-
Айсулуу
29.06.2023 22:07
Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?
-
Аскар Сманов
29.04.2023 13:33
Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...
-
Мумина
23.03.2023 02:13
Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...
Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору
-
Asel
24.07.2023 17:06
Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?
-
Элбек
10.07.2023 12:37
Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...
-
Ислам
05.12.2022 15:02
Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...
Пикирлер жана сунуштар
-
Жыпаркул
24.01.2023 10:32
Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????
-
Канышай
24.01.2023 10:28
Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...
-
Юрфак 2 курс спо
22.12.2022 03:10
Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...
Көп окулган материалдар
- Абитуриент суроолору
- КУУнун түзүмдөрүнүн e-mail маалымдамасы
- Адреса учебных корпусов КНУ (обновлен 01.09.2017)
- КУУнун тарыхы (15.09.2012 жаңыланды)
- Ч. Айтматов. "Тоолор кулаганда (Кызкайып)". 1-бөлүк
- КУУнун жалпы мүнөздөмөсү (29.03.2016 карата)
- Студенттин суроолору
- Бүтүрүүчүнүн суроолору
- "Манас" эпосунун кыскача мазмуну
- Новости сайта
Толугу менен...