Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин 03.05.2023 отуруму

00

2023-жылдын 3-майында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов алып барган жыйында  "КУУнун фундаменталдуу илимдер институтунун ишмердиги жөнүндө", "КУУга 2023-2024-окуу жылына кабыл алууга даярдыктар жөнүндө" жана башка ар түрдүү маселелер каралды. Жыйындын башында Төлөбек Абдырахманов Окумуштуулар кеңешинин март жана апрель айындагы чечимдери менен "КУУнун ардактуу профессору" наамы ыйгарылган Жогорку Кеңештин экс-депутаты, экинчи класстагы мамлекеттик кеңешчи Айнуру Алтыбаева менен белгилүү фольклорчу-этногрaф, этнолог Сулайман Кайыповго аталган наамдардын аттестаты менен академиялык мантиясын, ал эми УАКтын чечими менен окумуштуу даража жана наам  ыйгарылган КУУнун айрым кызматкерлерине тиешелүү диплом жана аттестаттарды тапшырды.

Андан кийин ректор кворумду текшерип, окумуштуу катчы бар экенин билдирген соң, отурумдун күн тартибин добушка койду. Ал бекитилген соң “Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит” кафедрасынын доц. м.а., э.и.к. Шайкул Сариева менен “Конституциялык жана административдик укук” кафедрасынын доц. м.а., ф.и.к. Айнура Урматовага "доцент" наамын ыйгаруу жөнүндө маселе каралып, жашыруун добуш берүү боюнча эсептөө комиссиясы шайланды жана аталган комиссия өз ишин баштады.

Журналистика жана коммуникация институтунун директорунун м.а. Ширин Костюк таланттуу акын, журналист, юрист, коомдук жана мамлекеттик ишмер Жедигер Саалаевге, мамлекеттик тил жана коомдук иштер боюнча проректор Садык Алахан Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты Акбар Рыскуловго "КУУнун ардактуу профессору" наамын ыйгаруу жөнүндө сунуш киргизип, негиздеп беришти.

Окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаев Улуттук университеттеги айрым магистрдик, бакалаврдык жана орто кесиптик билим берүү программаларын кезектеги программалык аккредитациялоого даярдоо жана өзүн-өзү баалоо жөнүндө маалымат берди.

"КУУнун PhD докторанттарын которуу, окуудан чыгаруу, калыбына келтирүү жана академиялык өргүү берүү тартиби жөнүндө жобону" жана "Жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик илимий-билим берүү PhD  программасы боюнча окутуу регламентин" бекитүү жөнүндө PhD-докторантура бөлүмүнүн башчысы Д.С. Джумалиев баяндама жасады.

Тарых жана чөлкөм таануу институтунун директорунун м.а. Т.Т.Сырдыбаев аталган институттун алдында Казахстан Республикасынын Улуттук илимдер Академиясынын Ч.Валиханов атындагы тарых жана этнология институтунун филиалын, ал эми менеджмен жана бизнес институтунун директорунун м.а. М.К. Керимкулова өзү жетектеген институтта "Маркетинг изилдөө борборун" ачуу зарылдыгын негиздеп беришти.

Илимий иштер боюнча проректор, юридикалык институттун директорунун милдетин у.а. Назаркул Ишекеев юридикалык факультет менен мурдагы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын кафедраларын бириктирүү жөнүндө баяндама жасады. 

Мамлекеттик тил жана коомдук иштер боюнча проректор Садык Алахан КУУнун сыйлыктары жөнүндө жобого киргизилген айрым өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берди.

Отурумдун күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча фундаменталдык илимдер институтунун директору А.О.Рыспаев баяндама жасап, аталган түзүмдө аткарылган иштер жөнүндө отчет берди. Ал эми кабыл алуу комиссиянын жооптуу катчысы И.А.Усенов КУУга 2023-2024-окуу жылына кабыл алууга даярдыктар жөнүндө айтып берди. 

Жыйындын жүрүшүндө о.э. Улуттук университеттин окуу-тарбия жана чарба ишмердүүлүгүнө байланышкан башка маселелер да каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

23

24

25

26

27

28

29

30

33

34

35

40

41

43

44

45

46

48

49

50

51

53

54

55

56

57

58

59

61

62

63

64

65

66

68

70

press knu 2023