Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Геофакта эл аралык конвенциялардын принциптерин үйрɵнүү боюнча тегерек стол ɵткɵрүлдү

00

2023-жылдын 2-майында география, экология жана туризм факультетинин экология жана жаратылышты пайдалануу кафедрасынын профессордук–окутуучулар тарабынан уюштурулган “Жаштардын экологиялык билимин ɵркүндɵтүү максатында эл аралык конвенциялардын принциптерин үйрɵнүү” деген темада тегерек стол ɵткɵрүлдү. Иш-чарага Кыргызстандагы Орхусс борборунун директору Нурбеков Адил мырза катышып “Кыргыз Республикасында иштеп жаткан эл аралык конвенциялар, келишимдер жана токтомдор” тууралуу кызыктуу баяндама жасады. Ал Кыргызстан мүчɵ болгон 13 конвенциянын ар бирине токтолуп, алардын мааниси жана биздин ɵлкɵдɵ аткарылышы жɵнүндɵ кеӊири айтып берди. Жогоруда айтылган конвенциялардын бири болгон Орхусс конвенциясы, алардын аткарган иштери жана келечектеги аткара турган пландары тууралуу маалымат берип, бул багытта экология жана жаратылышты пайдалануу кафедрасы менен кызматташтыкты уланта бере тургандыгын белгиледи.

Ошондой эле Кыргызстандагы Орхусс борбору тарабынан даярдалган “Курчап турган чɵйрɵнү коргоо багытындагы укуктук нормативдик актылар” деген кɵлɵмдүү 4 томдон турган китепти факультетке белек кылышты.

Борбордук Азиядага региондук экологиялык борбордун Кыргызстандагы филиалынын  директору Матраимов К.М. “Кыргыз республикасындагы региондук экологиялык борбордун ишмердүүлүгү” жɵнүндɵ жана “Климаттын ɵзгɵрүүсү боюнча Жашыл Альянс” кыймылынын жаштар канатынын эксперти Жанузакова Бегайым жаштардын экологиялык маселелерди чечүү жаатындагы ролу жɵнүндɵ онлайн түрүндɵ кызыктуу маалыматтарды айтып, катышуучулар тарабынан берилген суроолорго жооп беришти.

Тегерек столдун аягында география, экология жана туризм факультетинин деканы Рыскүл Алманбаевна Токторова жана экология жана жаратылышты пайдалануу кафедрасынын башчысы Н.К. Тенирбердиев, ага окутуучу Ж.К. Чунгулов бул жыйынга келип кызыктуу маек куруп берген конокторго жалпы факультеттин жана катышып отурган студенттердин атынан ыраазычылык билдиришип, мындан ары да кызматташтыкты ɵкүндɵтɵɵлү деген ойлорун айтышып, иштерине ийгилик каалашты.

04

06

08

10

12

14

press knu 2023

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 345 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары