Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү
2023-жылдын 3-майында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов алып барган жыйында "КУУнун фундаменталдуу илимдер институтунун ишмердиги жөнүндө", "КУУга 2023-2024-окуу жылына кабыл алууга даярдыктар жөнүндө" жана башка ар түрдүү маселелер каралды. Жыйындын башында Төлөбек Абдырахманов Окумуштуулар кеңешинин март жана апрель айындагы чечимдери менен "КУУнун ардактуу профессору" наамы ыйгарылган Жогорку Кеңештин экс-депутаты, экинчи класстагы мамлекеттик кеңешчи Айнуру Алтыбаева менен белгилүү фольклорчу-этногрaф, этнолог Сулайман Кайыповго аталган наамдардын аттестаты менен академиялык мантиясын, ал эми УАКтын чечими менен окумуштуу даража жана наам ыйгарылган КУУнун айрым кызматкерлерине тиешелүү диплом жана аттестаттарды тапшырды.
Андан кийин ректор кворумду текшерип, окумуштуу катчы бар экенин билдирген соң, отурумдун күн тартибин добушка койду. Ал бекитилген соң “Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит” кафедрасынын доц. м.а., э.и.к. Шайкул Сариева менен “Конституциялык жана административдик укук” кафедрасынын доц. м.а., ф.и.к. Айнура Урматовага "доцент" наамын ыйгаруу жөнүндө маселе каралып, жашыруун добуш берүү боюнча эсептөө комиссиясы шайланды жана аталган комиссия өз ишин баштады.
Журналистика жана коммуникация институтунун директорунун м.а. Ширин Костюк таланттуу акын, журналист, юрист, коомдук жана мамлекеттик ишмер Жедигер Саалаевге, мамлекеттик тил жана коомдук иштер боюнча проректор Садык Алахан Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты Акбар Рыскуловго "КУУнун ардактуу профессору" наамын ыйгаруу жөнүндө сунуш киргизип, негиздеп беришти.
Окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаев Улуттук университеттеги айрым магистрдик, бакалаврдык жана орто кесиптик билим берүү программаларын кезектеги программалык аккредитациялоого даярдоо жана өзүн-өзү баалоо жөнүндө маалымат берди.
"КУУнун PhD докторанттарын которуу, окуудан чыгаруу, калыбына келтирүү жана академиялык өргүү берүү тартиби жөнүндө жобону" жана "Жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик илимий-билим берүү PhD программасы боюнча окутуу регламентин" бекитүү жөнүндө PhD-докторантура бөлүмүнүн башчысы Д.С. Джумалиев баяндама жасады.
Тарых жана чөлкөм таануу институтунун директорунун м.а. Т.Т.Сырдыбаев аталган институттун алдында Казахстан Республикасынын Улуттук илимдер Академиясынын Ч.Валиханов атындагы тарых жана этнология институтунун филиалын, ал эми менеджмен жана бизнес институтунун директорунун м.а. М.К. Керимкулова өзү жетектеген институтта "Маркетинг изилдөө борборун" ачуу зарылдыгын негиздеп беришти.
Илимий иштер боюнча проректор, юридикалык институттун директорунун милдетин у.а. Назаркул Ишекеев юридикалык факультет менен мурдагы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын кафедраларын бириктирүү жөнүндө баяндама жасады.
Мамлекеттик тил жана коомдук иштер боюнча проректор Садык Алахан КУУнун сыйлыктары жөнүндө жобого киргизилген айрым өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берди.
Отурумдун күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча фундаменталдык илимдер институтунун директору А.О.Рыспаев баяндама жасап, аталган түзүмдө аткарылган иштер жөнүндө отчет берди. Ал эми кабыл алуу комиссиянын жооптуу катчысы И.А.Усенов КУУга 2023-2024-окуу жылына кабыл алууга даярдыктар жөнүндө айтып берди.
Жыйындын жүрүшүндө о.э. Улуттук университеттин окуу-тарбия жана чарба ишмердүүлүгүнө байланышкан башка маселелер да каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар
- Кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова КУУдагы эл аралык илимий-практикалык конференцияда доклад жасады
- Кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияда доклад жасады
- Жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын ага окутуучусу Нурбекова С.Н. ПиП(б)-1-20 группасынын студенттерине ачык сабак өттү
- КУУнун студентерине “Жаңы күч” көркөм фильми көрсөтүлдү
- №7-жатаканада жашаган студенттер Универсиада оюндарында
- Ала-Тоо университетинин кафедра башчысы кесиптик колледждин студенттери үчүн дарс окуду
- №5-студенттик жатаканада "Ак демилге" коомдук фонду тарабынан ооз ачуу уюштурулду.
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери ишембиликке чыгышты
- Матфактын студенттик активи Бишкектеги №7-орто мектептин директору менен жолугушту
- № 7-жатаканада Нооруз майрамы белгиленди
- КУУнун студенттик кеңеши “Эки ооз сөз” аттуу жандуу маек өткөрдү
- Ага окутуучу Дубанаева С.А. чөлкөм таануу багытында билим алган студенттер үчүн кытай элинин маданиятына арналган ачык сабак өткөрдү
- Математика жана информатика факультетинин студенттери ишембиликке активдүү катышты
- География, экология жана туризм факультетинин эмгек жамааты студенттер менен биргеликте ишембилик өткөрүштү
- 7-жатакананын жашоочусу бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында 3-орунду ээледи
- Экономика факультетинин студенттери карылар үйүнө барышты
- Экономика факультетинин студенттери Баткендеги кагылуушуда жапа чеккен аскерлерге жана элге жардам көрсөтүштү
- 7-студенттик жатакана студенттери вахтерша кызматкерлерин куттукташты
- Педагогика факультетинин студенттери Бишкек шаарындагы “Свет” карылар үйүнө барышты
- Профессор Гулжамал Жаманкулова КРТКнын Маданият каналындагы Мамлекеттик тил күнүнө карата маекке катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Уфа шаарында өткөн эл аралык илимий конференцияга катышты
- Экономика факультетинин студенттери Ала-Арча жаратылыш паркына барып, эс алып келишти
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери "Ала-Арча" жаратылыш паркына барып келишти
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн панелдик дискуссияга катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Ч.Айтматовдун чыгармачылыгынын 70 жылдыгына арналган тегерек столго катышты
- Педагогика факультетинин окутуучусу Сайкал Эсеналиева "Көкөтөйдүн ашы" темасы боюнча ачык сабак өттү
- Кыргыз филологиясы факультетинин жамааты студенттерге ооз ачырышты
- №7-жатаканада жашаган жалпы студенттер ооз ачышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн-жыйындарга катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн-семинарга катышты
- Педагогика факультетинде "Мастер-классты өтүүнүн технологиясы" деген темада ачык сабак өтүлдү
- Педагогика факультетинин окутуучусу Мээрим Кубатбек кызы адабий иш-чара өттү
- Профессор Гүлжамал Жаманкулованын макаласы англис тилинде Нурсултанда жарык көрдү
- Педагогика факультетинде "Үйрөнүп жаткан тилдин практикалык курсу" боюнча ачык сабак өтүлдү
- Доцент Абдимомунова Апал Ч.Айтматовдун 93 жылдык мааракесине карата англис тилинде ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинде таймаш сабагы өткөрүлдү
- Ырым, сөзүм, элге жетип баркталармын; Кылымдарды аттап өтүп сакталармын
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Айдралиева Алима кызыктуу ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света онлайн-тарбиялык саат өттү
Пресс меню
Администратордон
Абитуриенттердин ?-лору
- Модератор 31.07.2023 11:42
-
Модератор
31.07.2023 11:38
Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...
-
Бегимай
10.07.2023 18:14
Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында
Студенттердин ?-лору
-
Айсулуу
29.06.2023 22:07
Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?
-
Аскар Сманов
29.04.2023 13:33
Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...
-
Мумина
23.03.2023 02:13
Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...
Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору
-
Asel
24.07.2023 17:06
Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?
-
Элбек
10.07.2023 12:37
Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...
-
Ислам
05.12.2022 15:02
Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...
Пикирлер жана сунуштар
-
Жыпаркул
24.01.2023 10:32
Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????
-
Канышай
24.01.2023 10:28
Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...
-
Юрфак 2 курс спо
22.12.2022 03:10
Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...
Көп окулган материалдар
- Абитуриент суроолору
- КУУнун түзүмдөрүнүн e-mail маалымдамасы
- Адреса учебных корпусов КНУ (обновлен 01.09.2017)
- КУУнун тарыхы (15.09.2012 жаңыланды)
- Ч. Айтматов. "Тоолор кулаганда (Кызкайып)". 1-бөлүк
- КУУнун жалпы мүнөздөмөсү (29.03.2016 карата)
- Студенттин суроолору
- Бүтүрүүчүнүн суроолору
- "Манас" эпосунун кыскача мазмуну
- Новости сайта
Толугу менен...