Памятники
Чыгыш-Туштук (Восток-Юг)
07_Сары өзөндөгү легенда
07_Сары өзөндөгү легенда
27.04.2023 15:29

Скульптор: Усукеев А.
«Сары өзөндөгү легенда»
1998-ж.
гранит
Найман-Эне-Туулган жерин, ата-бабасын, жада калса өз атасы Жоламан экенин, кесепеттүү ширинин айынан Маңкурт болуп калган уулунун эсине келтирүүгө Найман-Эне жан алакет кылат. Ошондо биз сахнанын оң жагындагы зым карагайдын түбүнөн Едигейди көрөбүз. Көрүүлөрдө бул эмнеге отурат, тигилерге тоскоол болбой кетпейби деген суроо туулбайт. Тескерисинче, ал жок болсо, Найман-Эне менен Маңкурттун сахнасы болбой тургандыгын, анын бул отурушу зарылдык экендигин биз түшүнөбүз. Байыркы акылмандарчасынан ой көлүнө чөмүлүп отурган, Едигей-Советбекти көргөнүбүздө, биз көрүп Найман-Эне Маңкурттун жаткан сахнасы, сахнада болуп жаткан чыныгы окуя эмес, бир кезде жаралган коркунучтуу легенданы Едигей оюна түшүрүп эстеп жатат деп түшүнөбүз. Бир ооз сөз сүйлөбөстөн, бир дагы кыймыл-аракет жасабастан, тек гана отурушу менен, сахнадан көргөнүбүз анын элестөөсү экенин бизге туюндура билиши чыныгы чеберчилик болуп эсептелет. Жандай көргөн жакын курбусу Казангап өлгөндө Едигей анын сөөгүн Эне-Бейитке өздөрүнүн акылмандыгын, тажрыйбасын, жорук-жосунун, салт-сабырын, бай рухий дүйнөсүн укумдан-тукумга мурас кылып калтырып кеткен ата-бабалардын сөөктөрү жаткан ыйык жерге коёбуз дегенде, Казангаптын баласы Сабитжан – М.Алышпаев өлгөндүн жазасын көмгөн, Сары-Өзөктө жер көп, бир жерди чукуп жашырып коёбуз дейт. Курбусунун керээзин бек кармаган, ата-бабалардын арбагын көз карегиндей ыйык сактаган Едигей макул эмес, Эне-Бейитке коймокчу болот.
Едигей айткандай, Маңкурттун Манкурту болгон Сабитжанда жүрөк дегендей эч теме жок, өзүнөн башка эч кимди ойлобогон, өзүм дегенде керек болсо дүйнө жүзүн өрттөп, адамдарды курмандыкка чалып жиберүүдөн кайра тартпаган, өзүнөн жогоркуларга ийиле калып, төмөнкүлөргө үстүртөн кесирдүү караган, адамдарды кумурускадай көрүп, өзүн асманга түркүк болчудай дөө сезгендерден. Едигейдин көз карашына, түшүнүгүнө, дүйнөнү кабыл алуусуна, ой-санаасына жана жалпы эле адамдык бийик сапатына карама-каршы турган персонаж Сабитжан. Ч.Айтматовдун Едигейге көтөрткөн салмактуу жүгүн С.Жумадылов төкпөй-чачпай чебердик менен көрүүчүлөргө жеткире билгендиктен, образ күчтүү чыккан. С.Жумадылов эмоцияга өтө бай. Ал окуяны бир эпизоддордон экинчи эпизодго устаттык менен өткөрүп алып жүрүп олтурат. Мисалы, зарипанын Бороондудан кетип калганын угуп көбүрүп-жабырып чексиз кайгырганы. Деги Зарипанын кеткенин уккандагы сахнаны режиссер И.Рыскулов сонун табылгалар менен абдан жакшы койгон, С.Жумадылов эң бийик артисттик деңгээлге жеткирген. Какыраган чөлдөгү бир өңдүү турмушуна миң өңдүү боёк берип, анын кумарын жазып, көңүлүн асмандаткан Зарипанын Бороондудан кетип калышы, Едигей үчүн орду толгус кайгы.