Шейшемби, Январь 13, 2026
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

05_Акбаранын көз жашы

vy 05 ak baranyn koz jashy

Скульптор: Касымалиев К.С.

«Акбаранын көз жашы»

1998-ж.

сары таш

“Кыямат” – (1986) Чыңгыз Айтматовдун адабий чөйрөдө карама-каршылыктуу кызуу талаш-тартыштарды жараткан роман. “Кыямат” – ар кандай идеологиялык, коомдук-саясий сенектикти, тоталитардык социалисттик системасын догматикалык принциптерин айыптаган көркөм чыгарма. Романдын сюжеттик-композициялык курулушу жазуучунун мурдагы чыгармаларынан кыйла татаал. Роман өз-өзүнчө логикалык башталышка жана аякталышка эгедер бир нече аңгеме баяндардан турат. Алар: Акбара менен Ташчайнардын баяны, Авдийдин диний көз караштарынын тарых-таржымалы, нашакорлордун жүрүшү, Обер-Кандаловдун хунтасынын эт планын толтуруу үчүн Моюнкумдагы кыргын чабыты, грузин элинин “Жетинин бири” аңгемеси,Понтий Пилат , Иисуз Назарянин жөнүндөгү инжил легендасы, Бостон менен Базарбайдын окуясы.

Жазуучунун “Кыямат” романынын негизинде режиссер Дооронбек Садырбаев “Акбаранын көз жашы” тасмасын тарткан. Белгилүү актриса Жамал Сейдакматова менен актёр Дүйшөн Байдөбөтов жубайлардын образын аткарган. Фильмде адам, жаратылыш, жапайы жаныбарлар бири-бири менен тыгыз байланышканын, эгер жер бетинде жашагандар айлана-чөйрөгө, аны байырлаган жандыктарга аяр мамиле кылбаса, аягы каргаша менен бүтө тургандыгы баяндалат. Киночулар ал маселени ачып берүү үчүн жайлоодо мал баккан Бостон менен Базарбайдын жашоо-турмушун, ортодогу мамилесин жана жашоого болгон көз караштарын ортого салган. Кинофильмде колдонулган Акбара жана Ташчайнар деп аталган эки карышкырды атайын Россиядан алып келишип, кичинекей баланын ролун аткара турган бир жарым жаштагы чүрпөнү узак убакыт издешкен.

Романдын биринчи бетинен эле окурман экологиялык кыямат-кайымдын эпизоддук бир көрүнүшү – вертолёттун күркүрөгөн күчтүү добушунан жанын коёрго жер таппай аргасы түгөнгөн эне бөрү  Акбаранын элеси менен бет келишет. Анан арылап Акбара менен Ташчайнардын тарыхына кирүү менен бөкөндөрдүн акыр кыяматына туш келет. Бөрүлөрдүн, бөкөндөрдүн башына түшкөн акыр кыямат, чарбасыздыктын айынан кунары кетип, тукулжураган жайыттар – дегеле жабыркаган жаратылыш ошондой эле Авдий, Бостон сыяктуу адамзаада пенделеринин да башына келчү кыяматтардын башталышы.

Роман дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулуп жарык көрдү.