Памятники
Чыгыш-Туштук (Восток-Юг)
04_Нургазы
04_Нургазы
27.04.2023 15:28

Скульптор: Абдалиев И.
«Нургазы»
1998-ж.
сары таш
Ч.Айтматовдун бул повести алгач «Ак кеме» деген ат менен орус тилинде «Новый мир» журналында (1970, № 1) жарык көргөн. Кыргызчасы биринчи жолу 1978-жылы «Ала-Тоо» журналынын № 12-санында жарыяланган. Которгон Ашым Жакыпбеков. Ч.Айтматов повестин адегенде «Жомоктон кийин» («После сказки») деп атаган. Ал эми чыгарманын кийин «Ак кеме» деп аталып калышы жөнүндө жазуучу мындай дейт: «…Мен повестти «Новый мирге» алып барганымда Твардовский «Жомоктон кийин» деген ат өтө эле жөнсалды, кулакка комсоо угулат экен, андыктан башкачараак эле атабайлыбы деп, «Ак кеме» деген атты сунуш кылды». Чыгарманын алгачкы аталышы айтып тургандай повесттин борбордук түйүнү Мүйүздүү Эне жөнүндөгү жомокко барып такалат. Негизинен «Ак кеменин» жарык көрүшү адабий чөйрөдө зор кызыгууну жаратты.
«Ак кеме» повестиндеги негизги каарман бул–Нургазы. Окурмандарды да өзгөчө күйгүлтүккө түшүрүп, сынчыларды талаш-тартышка салган негизги маселе – бул Нургазынын «адамдар» арасында жашагысы келбей «балык болуп сүзүп кетүүсү».
Повестте кошулуп ойноор курбусу жок, жетиге толуп-толо элек Баланын өзүнчө кичинекей дүйнөсү жөнүндө сөз болот. Чоң турмушка, чоңдор дүйнөсүнө аралашууга, аны таанууга ага али эрте, бирок анын өз дүйнөсү бар, ал – табият дүйнөсү. Төө таш, Ээр таш, Таңке таш, Кашабаң. Чыгармадан: «…Дагы башка тааныш таштар көп: бири «жаман», бири «жакшы», атүгүл «митаам», «куукаптал», «макоолору» да бар.
Нургазы чөптөрдү да кыял-мүнөзүнө жараша бөлүштүрүп алган, «жакшы көргөнү» бар, «жаман көргөнү» бар, атүгүл «ачуулусу» да жок эмес. Мисалы, көк коко тикен айыгышкан душманы, күндө нечен ирет чабышып өтпөсө чыдап тура албайт. Бирок кимиси жеңери белгисиз, коко тикен күн санап көбөйүп өсүп бара жатат. А тиги жол жээктей жер боортоктоп өскөн чырмоок болсо, отоо деп эл жаман көргөнүнө карабай, балага сүйгүнчүк, эстүү чөбүм, жымыгый чөбүм деп келет аны. Башка чөптөр түшпү, кечпи, капарына албай өз бетинче өсүп жатса, чырмоок күнгө алгач гүл ачып салам айтат…»
Башкы каарман Нургазы адамдардын жакшы-жаманын айрып тааный элек болгону менен «…Бул тегеректеги чөптөрдүн дагы көп түрлөрүн, алардын ар түркүн өнөрлөрүн, мүнөздөрүн биле турган бул Нургазы. Мисалы, тиги боор каптап күмүш жылтыр көлбүгөн тулаңга баланын боору ооруйт. Кызык деги ушул тулаң чөп! Өз башына өзү ээ эмес, жел жүргөн жакка жыгылат. …А кокус жамгыр жаап, же өткүн аралаш мөндүр түшсө, кудай бетин көрсөтпө, баш катаар жер таппай далбас урат. Уйгу-туйгу жапырылып, жандалбастап жерге жабышат. Жерге байланган да, качаар буту болсо удургуп качып бермек… бирок тим эле кокуйлаган анткорлугу. Жаан-чачын басылып, сыдырым жел урганда калың тулаң кайрадан баштагысындай толкуп, желге эркелеп, желге жүгүнө берет.
Ошентип, Нургазы – символ, келечектин символу. Нургазы – адамдагы балалык абийирдин «үрөөнүнүн» ээси. Бала касиеттүү Бугу-Энеге кол көтөргөндөрдүн абийир, ыйманын ойготуу үчүн ишеним жолуна чабылган курмандык. (Ал эми бул жерде Бугу-Эне да символдук образ, жан жараткан Жаратылыштын жана анын ыйыктыгы жөнүндөгү ишенимдин символу экенин да эстен чыгарбашыбыз керек).