Памятники
Чыгыш-Туштук (Восток-Юг)
02_Дүйшөн
02_Дүйшөн
27.04.2023 15:28

.
Скульптор: Ыскак уулу Кенжебек
«Дүйшөн»
1998-ж.
сары таш
"Биринчи мугалим" повести 1963-жылы өзүнчө китеп болуп жарыкка чыккан. Чыгармада кыргыз элинин сабатсыздыктан билимге болгон умтулуусу, ал жолдогу тоскоолдуктарды,карама-каршылыктарды көрсөтөт. Чыгармадагы башкы каарман-мугалим Дүйшөн. Мугалимдин милдети өлкөнүн көсөм жол башчысыныкындай эле жооптуу. Ошол көсөм өңдүү эле мугалим да көргөн,укканын унутпоого тийиш. Акылы тунук, сөзү даана, элестүү, так болуп,мугалим аларды окуучуларына көркөмдөп жеткирүү жөндөмүнө ээ болуусу ылаазым, илимди үйрөнүүгө да дилгир, бул иште арып чарчоону билбеген, чындыкты жана чынчыл адамды сүйгөн, жалганды жана жалганчыны жек көргөн, өз наркын баалап,абийирин сактаган, окуучуларына калыс мамиле кылган чечкиндүү адам болууга тийиш. Дүйшөн дал ушул талаптарга жооп берген агай.
Жазуучу "Биринчи мугалим" повестинин баш жагында "Биздин айыл Ак-Жар тоо этегинде, суулар шаркырап аккан чоң тектирде орношкон, андан ылдый – туурасынан суналган Кара-Тоого чейин түзөң өзөн, темир жол кеткен казактын сары талаасы. Айылдын үстүндөгү адырда, мен бала чактан бери билген, эки зор терек болор эле. Бул кош терек азыр да ошол жерде". Мына ошол Шекердеги символикалуу кош терек Дүйшөндүн мектебинин орду, кош теректин бири мугалим — Дүйшөн, бири окуучу кыз -Алтынай Бул тууралуу жазуучу башкы каарманын революциянын ишине чексиз берилген коммунисттин атайылап көкөлөткөн образы деп келип, азыркы жаштар ошол өткөн жылдар, андагы күрөшчүл адамдар тууралуу билиши керек дейт. Эски аскер шинелчен Дүйшөн өзү анчалык ашып кеткен билимдүү болбосо да Ала-Тоо арасындагы адамдардын сабатын ачуу керек, жаштарды окутуу керек, эски менен күрөшүү керек деген идеяга берилген, ошол үчүн күрөшөт, жеңилет, жеңет, бирок анын ошол кыйынчылыгын азыркылар ойлоп да койбойт, а түгүл жаңы мектептин ачылышына биринчи мугалимди чакырып коюуну да унутушат.
Чыгарманын сюжеттик-композициялык линиясы эң биринчи Дүйшөндүн мектебинде окуган, андан соң ошол кишинин жардамы менен эскиликтин торунан кутулуп, бири-бирине болгон ышкы сезимин ачыкка чыгара албай, чоң окууга кетип, академик болгон Алтынай Сулайманованын айтып берүүсү катары өнүгүп отурат. "Биринчи мугалим" повести 1924-жылкы Шекерде болгон окуяны чагылдырат. Жазуучу бул жылды чыгармасында көрсөтүү менен повестке тарыхый негиз берүүгө атайын аракет кылгандай.