Памятники
Чыгыш-Туштук (Восток-Юг)
01_Куш эне
01_Куш эне
27.04.2023 15:27

Скульптор: Абдумаликов Б.Р.
«Куш эне»
1998-ж.
сары таш
Жазуучу “Кылым карытар бир күндөгү” Найман-Эне, “Кыяматтагы” Бөрү-Эне жөнүндөгү миф, уламыш аркылуу жазуучу дүйнөлүк масштабдагы глобалдуу проблемаларга ой-жүгүртүп, натыйжада энеликтин улуу касиети замандагы, доордогу, мезгилдеги катастрофаны сактап калуучу күч экендигине басым жасады. Энеликтин күч-кудурети менен нравалык кыйроолорду эстетикалык жактан аңдап-таануунун дагы бир көркөм ыкмасын ойлоп тапты. Ааламдык масштабдагы глобалдуу кризистердин келип чыгышынын себеби болгон цивилизация, илимий-техникалык прогресстин таасиринен келип чыгуучу адамдын руханий жакырлануусун жазуучу ЭНЕнин көзү менен карады; анын табиятындагы тирүүлүккө жан берген улуу сапат аркылуу бул жашыл ааламды – дүйнөнү сактап калуунун аргасын издеди.
Үмүт Култаева: “Айтматов “Кылым карытар бир күн романында бийликтин жексур идеологиясы адамдагы эң баалуу касиет – тарыхый эстутумду жоготуу аркылуу руханий кыйроого алып келерин метафоралык түрдө энесин тааныбай калган маңкурттун трагедиясында чагылдырды. Найман-Эненин баласы тааныбай турганда зар какшаган монологунун контексттинде жаткан идея жазуучунун энелик концепциясынын дагы бир жаңы бийиктигин жаратты”-деген оюн билдирген.
Жоломан! Уулум! Уулум эмне болгон чочулаган Найман эне үн салып баратты. Анан ээрде толгоно берди да.. Атпа!деп кыйкырганга араң жарады. Акмаяны бура тартып бет маңдайлашууга үлгүрбөдү, ышкырып келген жебе сол колтугуна сайылды. Найман эне өркөчтү кучактай ооп жыгылып баратты. Бирок бою жерге тийгенче башындагы ак жоолук шыпырылып түштү да, жерге жетпей куш болуп, аба кайкып учуп чыкты. Жөн учпай адамча үн салып учуп чыкты...