Шейшемби, Январь 13, 2026
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

06_Манкурт

vs 06 mankurt

Скульптор: Пазылов Р.Р.

«Манкурт»

1998-ж.

гранит

Чыңгыз Айтматов “Кылым карытар бир күн” чыгармасында Найман Эне жана маңкурт жөнүндөгү уламыштагы маңкурттун кейипкери аркылуу азыркы учурдагы маңкуртчулук темасынын идеясын ачкан. Маңкурт деген ким, кандай жагдайлар адамдарды маңкуртчулукка алып барат? Азыркы учурдун маңкурттары кимдер, алар эмне себептен маңкурт болушту? Ушундай суроолор бардык эле адамдарды түйшөлтпөй койбойт. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов бир эле жөнөкөй уламыш менен дүйнөлүк глобалдык көйгөйдү ачыктап, адам баласынын акыл-эси, адеп-ахлагы жана жан дүйнөсү рухий жактан кризиске учурап коркунучтуу чекке жеткенин жана жалпы адамзаттын эртеңки келечегине тынчсызданып “маңкурт” темасы менен коңгуроо кагып, адам баласы эртеңки келечегине акыл-эс менен олуттуу ой жүгүртпөсө болбосун эскертти.

Чыңгыз Айтматов 1980-жылы “Кылым карытар бир күн” романын жазганы үчүн СССР Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. Жазуучу бул романын төрт айдын ичинде жазып бүткөн. Бул алгачкы романын дүйнөэли кызыгуу менен кабыл алган. Негизги окуясы Бороондуу бекеттин темир жол жумушчусу Казангаптын кайтыш болгон саатынан баштап, аны жайына койгонго чейинки мезгил аралыгында романдын башкы каарманы, Казангаптын жакын жолдошу Эдигейдин эскерүүсү аркылуу өнүгөт. Мына ошентип көйгөйлөр ачыла баштайт.