Памятники
Чыгыш-Тундук (Восток-Север)
05_Бугу эне
05_Бугу эне
27.04.2023 15:24

Скульптор: Рахманалиев З.
«Бугу эне»
1998-ж.
сары таш
Ч.Айтматовдун бул повести алгач «Ак кеме» деген ат менен орус тилинде «Новый мир» журналында (1970, № 1) жарык көргөн. Кыргызчасы биринчи жолу 1978-жылы «Ала-Тоо» журналынын № -12 санында жарыяланган. Которгон Ашым Жакыпбеков. Ч.Айтматов повестин адегенде «Жомоктон кийин» («После сказки») деп атаган. Ал эми чыгарманын кийин «Ак кеме”деп аталып калышы жөнүндө жазуучу мындай дейт: «...Мен повестти «Новый мирге» алып барганымда Твардовский «Жомоктон кийин»деген ат өтө эле жөн салды, кулакка комсоо угулат экен, андыктан башкачараак эле атабайлыбы деп, «Ак кеме» деген атты сунуш кылды.
Чыгарманын алгачкы аталышы айтып тургандай повесттин борбордук түйүнү Мүйүздүү Эне жөнүндөгү жомокко барып такалат. Кыргыз элиндеги бугу уруусунун генеологиясы жөнүндөгү санжыра-легенданын негизинде жазуучу тарабынан жаралган жомок-мифологема повесттин образдар системасы менен жуурулушуп, чыгарманын идеялык-эстетикалык касиетин ачуучу каражат катары колдонулат.
Табиятты жандандырып аны адам баласы менен ажырагыс байланышта андоо баскычын Энгельс айткандай, «баардык маданияттуу элдер басып өтүшөт»Арийне, мындай мыйзам ченемдүүлүк жалаң жалпылыктардын эмес, ошондой эле индивидуалдуу аң-сезимдин өсүп-өнүгүүсүнө да мүнөздүү. Андыктан ал баскыч аркылуу бала кезде ар бир адам өтөт деп кесе айтса да болот.Атеисттик кабылдоосунун органикалык айкалышуусунан бүткөн Мүйүздүү Бугу-Эне туурасындагы поэтикалык миф-жомоктон башталып, аягы наристенин ажайып кыялындагы Ак кеме кеткен алыскы кыйырларга ташталган жаркын идеалды туюнтуп турган.Баланын персоналаштырылган орошон образын жаратууда жана ал стереоскопиялык «оптика» аркылуу азыркы адамдын жашоо-турмушундагы армандуу проблемаларды өткөндүн, учурдун, келечектин, ошондой эле миф менен реалдуулуктун өтмө катар туташ-тутумунда синтетикалуу аңдап көрсөтүүдө авторго абдан чоң көркөм өбөлгө болду.
Өткөндүн өнөгөлүү рухий кенчин (Мүйүздүү Бугу-Эненин дүйнөсүн) өчүрбөй сактап, небересине өткөргөн абышка менен аны андан ары улантып кетүүчү келечек идеалдын (Ак кеменин дүйнөсү) ээси Баланын жашоо-турмуштун ушундай шартына туш болуп жайраган аянычтуу тагдыры эмнегедир Пушкиндин«Если б молодость знала, если б старость могла» деген мааниси терең саптарын эрксизден эске түшүрөт.