Памятники
Чыгыш-Тундук (Восток-Север)
04_Гулсарат
04_Гулсарат
27.04.2023 15:24

Скульптор: Муратбеков А.
«Гүлсарат»
1998-ж.
сары таш
“Гүлсарат” – социалдык планда өтө курч жазылган чыгарма. Ч.Айтматовдун бул повести биринчи жолу 1966-ж. орус тилинде “Новый мир” журналында (№3-санына) жарык көргөн.
Жазуучу бул повести туурасында мындай деген: “Гүлсарат” бир чети эң чоң чыгармачылыкка канагат алып келсе, бир чети аябагандай көркөм машакат да чектирди десем болоор. Бул повестте мен мурунку чыгармаларымда козголбогон башкача ойлорду айткым келди. Бул повестте азыркы мезгилдеги улуттук турмуштун картинасын сүрөттөп бере алдым деп ойлойм, ушунусу менен ал мага кымбат. Мен мында улуттук “орнаментти” түзүүгө эмес, улуттук турмуштун олуттуу проблемаларын чагылдырууга, социалдык конфликттердин, карама-каршылыктардын түпкү маңызын иликтөөгө аракеттендим”.
Ошентип “Гүлсарат” повестинин идеялык-тематикалык өзөгүн автородун өз сөзү менен айтканда “улуттук турмуштун олуттуу проблемаларын чагылдыруу, социалдык конфликттердин түпкү маңызын иликтөө” түзгөн. Бул повесть искусстводо соцреализм методу өкүм сүрүп турган учурда авторитардык бийликтин советтик системада орун алган терс жактарын сынга алууга батынган, жаңыча ойлонуунун добулбасын алгачкылардан болуп калып, элди айдамачылыктын, маңкуртчулуктун сазынан бошонууга чакырган чыгарма. Ошол мезгилдеги саясий-пропагандалык чакырык максатында жазылган көпчүлүк чыгармалардан айырмаланып “Гүлсарат” ачык декларативдүүлүктүн, алдын-ала белгилүү схематизмдин изи көрүнбөйт. Андагы “чакырык” бүтүндөй чыгарманын көркөм тканына – сюжеттик өзөккө, образдар системасына терең сиңдирилген.