Шейшемби, Январь 13, 2026
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

03_Карыя

vs 03 starik

Скульптор: Маатбеков К.

«Карыя»

1998-ж.

сары таш

Ч.Айтматов каармандарына ысым берүүдө алардын этимологиялык маани-мазмунуна чоң көңүл бура тургандыгын айткан элек. Момундун ысымында анын чыгармада аткарган идеялык-көркөмдүк, образдык-символдук кызматына ылайык эки маани камтылган. Биринчиси, Момундун кой оозунан чоп албаган жооштугун, жумшактыгын, боорукерлигин белгилеп турат. Экинчиси «кудайга ишенген мааниси», дин жолундагы, жараткандын эркине баш ийген маанисинде. Албетте, Момундун ишениминде исламдык официалдуу диний ишенимге караганда патриархалдык тотемдик ишеним үстөмдүк кылат. Кандай болгон күндө да ал айланасындагы Орозкул, Сейдакматтардын акча, мансап күчүнө гана байланган «ишенимине» (эми муну ишеним деп айтууга да болбойт, чындыгында алар эч кимге, эч нерсеге, эч кандай ыйыктыкка ишенишпейт) караганда, адамга ички руханий тирек, каниет, ынсап берүүчү өзүмдүк ишенимдин (чыныгы ишеним адамдын мүнөз, кыял, ниет, үмүт, тилектери менен жуурулушуп ар бир адам үчүн өзүмдүк, менчик ишенимге айланып калат) ээси  Момундарды мажбурлап ок аттырууда. Момун же ата-бабаларынын мурасын коргоп, жактап, жаны замандагы орозкулчулукка каршы туруш керек, же жаны замандын талабына баш ийип, көпчүлүк (анын ичинде Орозкул, Сейдакматтар бар) тутунган «динди», ишенимди (б.а. социалисттик-материалисттик-атеисттик-пролетардык ишенимди) кабыл алып, өзүнүн «эски» ишениминен баш тартыш керек. Момундун ыйык осуят жана таалайсыз кызы менен небересинин ортосундагы "ал же бул" деген тандоосунун түбү барып эле мына ушул жалпы маселеге такалат. Маралдын атылышына байланыштуу окуяны арзан күлкүгө айлантып айткан Сейдакматтын аңгемесин да автор «ал же бул» деген тандоонун социалдык кырын ачып берүү үчүн киргизген.

Момундун образы повесттеги эң татаал түзүлгөн образ. Курчап турган чөйрө, коом тарабынан иудачылык-саткынчылык (Г.Гачев) роль ага өз эркинен тышкары тагылгандыгына карабастан, Момундун чыныгы табиятында (образдык-каармандык табиятында) колдоочу пирдик, Кыдырдык касиет бар. Элдик мифологиялык ишеним боюнча Кыдыр адамдарга ар кандай кейиптеги карыя катарында (салабаттуу аксакал карыя, кайырчы, думана, кээде жардамга муктаж азиз ж.б.) жолугушу мүмкүн. Ал ыраазы болуп бата берген адамды дайыма ийгилик коштойт, тилектери орундалат.