Памятники
Чыгыш-Тундук (Восток-Север)
02_Танабай
02_Танабай
27.04.2023 15:23

Скульптор: Калматов С.
«Танабай»
1998-ж.
сары таш
“Гүлсарат” – социалдык планда өтө курч жазылган чыгарма. Ч.Айтматовдун бул повести биринчи жолу 1966-ж. орус тилинде “Новый мир” журналында (№3санына) жарык көргөн. “Гүлсарат” повестинин идеялык-тематикалык өзөгүн автородун өз сөзү менен айтканда “улуттук турмуштун олуттуу проблемаларын чагылдыруу, социалдык конфликттердин түпкү маңызын иликтөө” түзгөн. Бул повесть искусстводо соцреализм методу өкүм сүрүп турган учурда авторитардык бийликтин советтик системада орун алган терс жактарын сынга алууга батынган, жаңыча ойлонуунун добулбасын алгачкылардан болуп калып, элди айдамачылыктын, маңкуртчулуктун сазынан бошонууга чакырган чыгарма. Ошол мезгилдеги саясий-пропагандалык чакырык максатында жазылган көпчүлүк чыгармалардан айырмаланып “Гүлсарат” ачык декларативдүүлүктүн, алдын-ала белгилүү схематизмдин изи көрүнбөйт. Андагы “чакырык” бүтүндөй чыгарманын көркөм тканына – сюжеттик өзөккө, образдар системасына терең сиңдирилген.
Башкы каарманы Танабай Бакасов. Танабай-ойчул каарман, идеянын каарманы. Анын коом, өткөн учур, келечек, мезгил жөнүндөгү ойлору, тынчын алган суроолору бара-бара жөнөкөйдөн татаалга өтөт, масштабы артат. Танабайдын тагдыры анын жоргосу Гүлсарынын тагдыры менен өтө тыгыз бирдикте сүрөттөлгөн. Адам жана жылкынын тагдыры биринен бирине өтүп, көп учурларда Танабайдын өмүр баяны Гүлсарынын “өмүр баяны” аркылуу проекцияланып берилет.
Чоро – Танабайдын жакын досу Самансур Чоронун баласы Жайдар Танабайдын зайыбы Ыбрайым жылкы фермасынын башчысы Бектай чабан Сегизбаев райондук прокурор Кашкатаев райондун биринчи секретары Жорокул Алданов райондук башкарма Бубужан Танабайдын суйгон бир аялы. Танабайды ушул күнгө чейин жакшы көрөм. Ошол кезде деле айлампада дымыган акыбалдан суурулуп чыгууну каалагандар жана аны жүзөгө ашырыла тургандар болгон» дейт Айтматов. Танабайдын портрети автор тарабынан сүйкүм менен тартылат: «Ырас жаш эмес беле, бирок карып да калган чагы эмес болчу. Согуштун ырайымсыз шамалына өңү тотуккан, мурутун ак аралаганы эле болбосо, эр мүчөсү түп койгондой чымыр, теге тиктеген көздөрү учкун атып турчу.