Памятники
Чыгыш-Тундук (Восток-Север)
01_Биринчи мугалим
01_Биринчи мугалим
27.04.2023 15:21

Скульптор: Баялиев Ж.
«Биринчи мугалим»
1998-ж.
сары таш
Ч.Айтматовдун “Биринчи мугалим” повести алгач «Элдик мугалим жөнүндө баллада» («Ала-Тоо», 1961), «Биринчи мугалим жөнүндө баллада» (Мугалимдер газетасы», 1961) деген ат менен жарык көргөн. 1962-жылы «Новый мир» журналына «Первый учитель» деген ат менен автор жана А.Дмитриеванын биргелешкен котормосунда жарык көргөн. «Биринчи мугалим» тарыхый турмуш чындыгы бар чыгарма. Шекер айылында Дүйшөн деген адам биринчи мектеп ачып, балдарга алиппе тааныткан. Шекербек эски мектептин орду, Дүйшөн тиккен теректер сакталып калган. Кийин ал жерге биринчи мугалим Дүйшөндүн урматына эстелик тургузулган. Автор бул чыгармасы жөнүндө өзү мындай деген: «…Ооба, «Биринчи мугалимде» мен адабияттагы оң каармандар тууралуу биздин түшүнүгүбүздү бекемдегим келет, революциянын ишине чексиз берилген коммунисттин образын атайылап идеализациялаганмын. Мен бул образга биздин, азыркы учурдун көз карашы менен кароого аракеттенгем, азыркы жаштарга алардын өлбөс-өчпөс аталары жөнүндө айткым келген». Бул повесть алгачкы аталышындагыдай, элдик мугалим жөнүндөгү баллада, адамдардын жаркын келечеги үчүн бар күчүн, мүмкүнчүлүгүн аябай сарптаган асылзат адамгерчилик жөнүндөгү көркөм баян.
Повесть боюнча 1965-жылы «Мосфильм» киностудиясында аты уйкаш фильм тартылган (реж. А.Михалков Кончаловский). Фильмди түзүүчүлөр Дүйшөндүн аракети, күрөшү аркылуу революциячыл көз караштагы жаңы замандын өкүлү менен эски көз караштагы адамдардын ортосундагы кагылышууну көрсөтүшөт. Кыргыз Эл жазуучусу Т.Сыдыкбеков, окумуштуу философ А.Салиевдер “Биринчи мугалим” повестин экрандаштырууда режиссёр тарабынан олуттуу кемчиликтер кетирилгендиги, кыргыз элинин улуттук психологиясы, салт-санаасын бурмалап, ашкере түркөй кылып чагылдырган деп белгилешкен. Ошентсе да, Алтынайдын образын көрүүчүлөргө толук жеткиргендиги үчүн Н.Аринбасаровага Венецияда өткөн XXVII Эл аралык кинофестивалда (1966) эң мыкты ойногон аялдардын ролуна таандык “Озелла” күмүш медалы ыйгарылган. Ошондой эле повесть сахналаштырылып мурдагы союздук республикалардын көптөгөн театрларында коюлган.