Шейшемби, Январь 13, 2026
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

07_Муң - кайгы

zy 07 skorb

Скульптор: Маматкулов Р.

«Муң кайгы»

1998-ж.

сары таш

Жашоо - күрөш. Адамдар күндө эле өз чындыгы, өз идеалдары үчүн болуп салгылашка кызыл чеке түшүп жатпаганы менен күнүмдүк турмуш агымы билинбеген кичине жана чон жоготуулар менен табылгалардын табигый эриш-аркагынан жана карама-каршылыктардан турат...

Искусстводогу дүйнөнү трагедиялуу кабылдоо, чагылдыруу, трагедиялуулук негизде түшүндүрүү турмуш чындыгынын өзүнөн келип чыккан көрүнүш, эстетикалык категория. Анткен менен турмуш таануунун трагедиялуулук реалдуу эстетикалык категориясы катары Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын баштан аяк коштоп келген көрүнүштөрдөн. Трагедиялуулук «Гүлсарат» повестинен баштап чыгарманын бүтүндөй сюжеттик образдык системасын күүгө келтирген идеялык-эмоционалдык ыргак, пафос катары туруктуу орун алгандыгын көрүүгө болот. Ооба, «Гүлсарат» повестинен баштап, ага чейинки «Саманчынын жолундагы» Толгонай эненин трагедиялуу тагдырычы, ага чейинки Ысмайылдын трагедиялуу тагдырычы... Чындыгында бир үй толо бүлөөсүнөн, өмүрлүк жары, үч бирдей эр жеткен уулдары, алмончоктой келининен ажырап, жалгыз калган Толгонай эненин тагдыры трагедиялуу тагдыр, «Саманчынын жолу» повесть-трагедия деп айтуудан эч кандай «саясий» ката кетпейт. Анткени анда согуштун адамдардын башынасалган кайгысы Толгонай эненин, Алимандардын образдары аркылуу абдан терең, таасирдүү ачылган. Бирок, ошентсе да, бул чыгарма толук трагедиялуулук-эстетикалык сыпатында, принцибине, трагедиялык конфликтке негизделип жазылган чыгарма эмес. Толгонайдын тагдыры трагедиялуу болгон менен анын адабий көркөм образында трагедиялуулук мотиви (согуштун азап-тозоктору) болгон менен көркөм мүнөз катары трагедиялык образ, трагедиялык мүнөз интерпретацияланган эмес.

Чыгарманын акыры трагедиялык чечилишке ээ эмес. «Саманчынын жолу» согуштун кыйраткыч күчүн жеңген АДАМдын улуулугу, күчтүүлүгү, эрктүүлүгүн даңазалаган лиро-романтикалык чыгарма. Жашоонун түбөлүктүүлүгү, адамдардын улуулугу жөнүндөгү Толгонай эненин идеалы чыгарманын башынан акырына чейин солк этпеген боюнча бекем сакталып кала берет. Повесттеги трагедиялык мүнөз Алимандын образына таандык, бирок ал кантсе да экинчи пландагы каарман. Чыгарманын көркөм-философиялык башкы концепциясы, мотиви Толгонай эненин образына байланышкан. «Бетме-беттеги» Ысмайылдын образында, негизги сюжеттик конфликтиктиде трагедиялык доош бар, өзгөчө бул кийин кошумчаланган бөлүктө айкыныраак сезилет. Ошентсе да, Ысмайыл да толук трагедиялык образ эмес, себеби анын өзүнүн качкындык жолун актай турган ички бекем ишеними жок. Ал эми биринчи пландагы каарман, ишеними кыйраган Сейде Ысмайылдын жазасын берип, «өчүн толук алды» б.а. анын жүрөгүндө ачуу арман сакталып кала берээр, бирок ал эми трагедиялык каарман эмес.

Бул чыгармаларда жазуучунун жалпы чыгармачылыгына мүнөздүү негизги идеялык-эстетикалык концепцияны каармандардын жан дүйнөсү аркылуу алып өткөн терең психологизм, чыналган драматизм чыгарманын таасирдүүлүк күчүн арттырып, трагедиялуулуктун бий-теориялык жагдайларына кыскача токтоло кете турган болсок, трагедиялык конфликт каармандын субъективдүү умтулуштары менен турмуштун объективдүү шарттарынын ортосундагы элдешкис карама-каршылыктардын турат. Ал урмат-сыйга, жан тартууга жана жакшы татыктуу каармандын азаптуу турмуштары, кыйроосу, өлүмү менен коштолот.