Шейшемби, Январь 13, 2026
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

06_Ой толгоо

zy 06 mysl

Скульптор: Ажиев С.

«Ой толгоо»

1998-ж.

гранит

Айтматовдун философиялык, психологиялык көркөм концепциясы – кандай заман, кандай доор болбосун, кандай саясий система өкүм сүрбөсүн, кандай кыйын-кыстоо башка түшпөсүн адам адамдыгын сактап калуу керек жана адамзат коому дайыма адамдагы адамдык башаттын сакталышы үчүн күйөрман, тилектеш болуп камкордук көрүшү керек экендигин чыгармалары аркылуу эскертип туруу.

Жазуучун чыгармаларында дүйнөнүн дал өзүндөй эң эски жер жер болуп, эл эл болуп жаралганда кошо бүткөндөй абыдан тааныш адамдык сапаттар, сезим түшүнүктөр жазуучунун сыйкырдуу калеминин күчү менен кайрадан жаңырып, жашарып, кайталангыс жаңы көркөм-эстетикалык өз алдынча бүтүн дүйнөгө айланат, өзгөчө өң-түс, касиет сапатка ээ болот.

Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгы туурасында ой-толгоону Бланкоф-Скар мындайча эскерет: “Кыргызстандан чыккан советтик жазуучу тарабынан тастыкталып аткан асыл дөөлөттөр – бул терең гуманизмге сугарылган чыныгы идеалдар. Өз улуттук маданиятынын байлыгын өзгөлөр менен бөлүшүү жана анын жадпы адамзаттык дөөлөттөр менен байланыштыруу ар кылуу ал адамзат маданиятынын орток казынасына ойдогудай салым кошууда”.

Айтматов адамдардын дилиндеги, жүрүм-турумундагы табышмактуу, сырдуу кырдалды дайыма ыр аркылуу ача алат, алар ички күчтүн, азап-тозоктун, кайгы-капанын жана сүйүүнүн, бакыттын өтө чымырканган учурунда ойгонот. Ч.Айтматовдун чыгармаларында кызуу талаш-тартыш бекеринен жаралган жок. Ал адамдардын ички туюмун, алардын сезимдерин  жана жашоого болгон көз караштарын биринчи орунга коюп, аны коом менен кошо айкалыштырып карганы менен өзгөчөлөнөт.