Памятники
Батыш-Туштук (Запад-Юг)
05_Кыямат
05_Кыямат
27.04.2023 15:19

Скульптор: Толон уулу Талантбек
«Кыямат»
1998-ж.
сары таш
«КЫЯМАТ» – (1986) Ч.Айтматовдун адабий чөйрөдө карама-каршылыктуу кызуу талаш-тартыштарды жараткан романы. Чыгарманын аталышы жөнүндө автор мындай дейт: «Эмне үчүн «Плаха” деп аталды. Менимче, ал романдын мазмунунан келип чыкты го деп ойлойм. Баталга – бул баш алынчу секи же мыйзам окулчу дөбө гана эмес. Адам өз өмүрүндө эртеби-кечпи баталгага туш келет. Ал кезде баталгага чыгып барган болот, албетте ал ажалдан тыш, аман-соо эле калат, а кээде чыкпай да калышы мүмкүн. Бул жерде аталыш-баталгага баруу кандай күч, кандай баа менен келээрин, дегеле мындай азап-тозоктуу жолго баруунун мааниси барбы-мына ушул жөнүндө айтып турат”. «Кыямат” сов. Социалисттик системанын ырдоосунун алдында, «кайра куруу”, «айкындуулук” деп аталган мезгилде жазылып жарыкка келди. Соцреализм принциптеринин негизиндеги советтик адабияттаануу илими өзгөчө басым жасап «искусство – коомдук аң-сезимдин бир формасы” деп үйрөтүп келгендей романдын идеялык, тематикалык мазмунунда саясий социалдык багыттуулук негизги орундардын бирин ээлейт.» Кыямат – ар кандай идеологиялык, коомдук-саясий сенектикти, тоталитардык социалисттик системасын догматикалык принциптерин айыптаган көркөм чыгарма.
Алдаш көлдүн тегереги камыш жайдан, жаралдым, бул жашоого болуп айбан жолугуп Ташчайнарга, ээрчип кеттим, жылуулук көөдөнүмү ээлеп алган. Беш күчүк, туулуп калды ошол жайда, белгисиз, бара турган багытыбыз... Энелик, бакытка мен балкып турдум, камыш талаа, болуп биздин жайытыбыз. Камыш талаа, уюлгуган өрткө айланды, караан түн, түшүп биздин башыбызга. Бөлтүрүгүм сактай албай, ташып жүрдүк, көкүрөк, толуп муңга, жашыбызга. Камышты байырлаган айбанаттар, кача албай көз көрүнө, күйүп кетти.Үстүдөн, темир канат жалын бүркүп, баарысын бирден терип атып өттү...