Памятники
Батыш-Туштук (Запад-Юг)
02_Улуулук
02_Улуулук
27.04.2023 15:18

Скульптор: Абдуллаев М.Т.
«Улуулук»
1998-ж.
сары таш
Ч.Айтматовдун чыгармаларынын ичиндеги, муң-кайгы, зар, сүйүү, адамдарга тиешелүү адамдык маселелер, чыныдыкты чыркырата айтпаса дагы аны кагазга ороп, логикага айкалыштырып, керек болсо түрдүү нерселерге катып олтуруп, акыйкатты алып чыгып не бир талант, искусство айтор кандай жогорку бааны берсек да жарашчудай. Бир маселе, биз ага баа берүүгө моралдык жактан укугубуз жок чыгаар. Башка жазуучулар бир тарап, же бир жанрда гана жазуучулук карьерасын улантса, айтылуу, аттын кашкасындай таанымал калемгерибиз, көп кырдуулугу менен да өзүнүн уникалдуулугун сактап келүүдө Дүйнөнүн сулуулугу сүйүүдө демекчи, дүйнөнү дүңгүрөткөн, көчүлүктү суктандырган ары таң калтырган “Жамиля” повестиндеги Жамиля менен Даниярдын сүйүүсү, сүйүүнү даңазалап, анын бар экенин, аруу, таза, тунук экенин керек болсо ал курмандыкты, аракетти, берилгендикти жана өжөрлүктү талап кылаарын айгинелеп таамай көрсөткөн-бул биздин алп жазуучубуз Айтматов.
Сүйүү деңизинде эле сүзүп жүрбөстөн, СССРдин жасаган жат жоруктарын жакшы бир чыгармаларына жашырып кеткен, алардын бирөөсүн атай турган болсок бул “Ак кеме” повести. Чыгарманын тасмасына жакшылап көңүл бурчу болсок, ак кеме-бул акыйкат, чындык, ал эми акыйкатты издеген Нургазы. Нургазы дегенибиз-бул кыйналган, карапайым кыргыз эли. СССРдин тушунда кыргыз каймактарынын, бычакка сап болчу мыктыларынын репрессияланышы, планды ойго келгендей олчойтуп коюп, аны кайдан, кантип болбосун толтурууга элди мажбурлашы. Планды толтуруу үчүн үйдө жаткан жылуу жуурканын жүнүн чыгарып болсо да көрсөтүлгөн өлчөмдү так аткаруу жан талпас, кара жанын карч урган кайран кыргыз эли. Чыгармадагы кереметти ошондогу орус эли аңдай албаганчалык жазуунун өзү бийиктик.
Мындан сырткары, эне мээримин, анын сүйүүсүнүн кудуретин жана чексиздигин, муну менен катар аны берген жылуулугун жакшылып, көзгө сая көрсөткөн кыраан жазуучубуздун “Ак баранын көз жашы” чыгармасы эсибизге келээри анык иш. Чыгармада өз жаныдан жаралган балдарын эч унута албаган бөлтүрүктөрдүн энеси, балдарын кайрып алуу үчүн кандай кыйынчылык, азап, түйшүк, керек болсо өлүм үчүн да жанын сая турганынын көрүүгө болот.
Башка чыгармаларына үңүлүп карай турган болсок, “Биринчи мугалим” повести билим берүүгүө өмүрүн берген Дүйшөн агай. Анын берилгендиги, түрдүү кыйынчылыктарга туруштук берүүсу-бул бизге жашаш үчүн жашоо эмес, жашатыш үчүн жашоону үлгү кылып көрсөтүүдө. Элге билим берейин жакшылык кылайын деп барса, аны жек көргөн, куугунтукка алган элдин мамилесин айтпай коюууга болбос. Албетте, совет доорунун идеологиясын сиңирген, караңгы түшүнүктө калган кыргыз элин сабаттуулукка, жарыктыкка, башка деңгээлге алып чыгуу оңой-олтоң иш эмес. Беш кол тең эмес дегендей бийиктикке кол сунууга умтулган Алтынайдын алтындай жаштыгы, оюн-күлкү менен өтпөстөн, өзгөлөрдөн өзгөчөлөнүп кыйынчылык көрүүсү, жеңесинин жемелемөөсүнө кабылгандыгы, бирок ошого карабастан, кандай гана шарт болбосун, билим алууга болгон ынтызарлыгын айтууга тийишпиз. Бул болсо, азыр баары бар болуп туруп, билим алууга батынбаган, тайсалдаган мезгилдин тескериси катары көрүүгө болот.
Биз жогоруда Айтматовдун айрым чыгармаларынаагы улуулуктарга, чеберчиликтерге азын-оолак токтолдук, анын дээрлик бардык чыгармалары дүйнөнүн 174 тилине которулуп, Жерде жашаган жашоочуларга багыт берсе, бир жагы азык берип келе жатат деп атсак болот. Себеби: кезинде дүйнөдөгү эң салмактуу сыйлыктардын бири Нобедь сыйлыгына бир эмес, бир нече жолу көрсөтүлгөндүгүн, бирок айрым кызыкчылыктар каршы келгенин эске алуу менен биз үчүн сыйлык эмес сыймык маанилүү экенин, бизди аалам Айтматов аркылуу айырмалап аңдаарын жадыбыздан чыгарбообуз абзел.