Шейшемби, Январь 13, 2026
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

01_Эне

zy 01 mat

Скульптор: Эшенкулова Ж.А.

«Эне»

1998-ж.

сары таш

Ч.Айтматовдун Ата Мекендик согуш мезгилин сүрөттөгөн чыгармаларынын бири «Саманчынын жолу» повести. Бул повестте бүтүндөй бир Субанкулдун үй-бүлөсү, апасы, Толгонайдан башкасы согушта эли жерин коргошуп курман болушат. Ал эми Толгонай тылда өз эмгеги, көтөрүмдүүлүгү, күчтүүлүгү, адилеттүүлүгү менен согушту жеңүүгө жардамын берет. Бул чыгарманын башкы каарманы Толгонай. Анын тагдыры абдан оор. Ал бир учурда эле эне, аял, жетекчи. Ал майданга күйөөсүн, балдарын узатты, бирок бири да кайтып келишпеди. Күйөөсү Субанкул, балдары Касым, Майсалбек, Жайнак, гүл сүйгөн келини Алимандан айрылды. Жазуучу бул чыгармасы менен адамдын улуулугун, залкарлыгын, бийиктигин биринчи планга алып чыккан. Апа баланы кыйналып жарыкчылыкка алып келет, эне үчүн ар бир бала өтө кымбат.

Жазуучу Чынгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» повести Жер эне менен Адам атанын ортосундагы эң маанилуу аңгемелешүүсү катары баарыбызга белгилүү. Турмуштагы эң маанилүү маселе жөнүндө: бакыт менен кайгы, согуш менен тынчтык, сүйүү менен энелик таалай жөнүндө сөз болот. Кыргыз энесинин жандуу образын чагылдырган Толгонай повесттин башкы каарманы. Ары күчтүү, ар-намыстуу, кайраттуу, ошол эле учурда аябай мээримдүү, жумшак адамдардын бири. Бул образда, бардык ири чыгармадагыдай эле, эл арасындагы эң мыкты кулк-мүнөздөр, жакшы адат-салттар топтоштурулган. Толгонай Ч.Айтматовдун бардык повесттеринин каарманындай, эч убакта мөгдүрөөнү билбеген, келечек турмушка үмүттүү, жайдары караган каарман катары окурмандын эсинде бек сакталып калат. Ал согуштун кесепетинен калктын башына түшкөн кыйынчылыкты, өзүнүн ички терең сырын, ой-тилегин жаап-жашырбай жер-энеге толук баяндап берет…

Толгонайдын ролунда Айсулуу Токомбаева ойнойт. Жаш балерина айрым бир техникалык мүчүлүштүк кетиргенине карабастан өзүнүн эң сонун поэтикалык образ түзө алган дагы, көп кырдуу таланты менен көрүүчүнүн көңүлүн өзүнө бура алат. Толгонай эне кыргыз элинин эсинде өзүнүн мыкты мүнөздөрү менен кала берди.