Шейшемби, Январь 13, 2026
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

09_Найман эне

zs 09 ene naiman

Скульптор: Нургазиев Р.

«Эне» (Найман)

1998-ж.

сары таш

Жазуучу “Кылым карытар бир күндөгү” Найман-Эне, “Кыяматтагы” Бөрү-Эне жөнүндөгү миф, уламыш аркылуу жазуучу дүйнөлүк масштабдагы глобалдуу проблемаларга ой-жүгүртүп, натыйжада энеликтин улуу касиети замандагы, доордогу, мезгилдеги катастрофаны сактап калуучу күч экендигине басым жасады. Энеликтин күч-кудурети менен нравалык кыйроолорду эстетикалык жактан аңдап-таануунун дагы бир көркөм ыкмасын ойлоп тапты. Ааламдык масштабдагы глобалдуу кризистердин келип чыгышынын себеби болгон цивилизация, илимий-техникалык прогресстин таасиринен келип чыгуучу адамдын руханий Жакырлануусун жазуучу ЭНЕнин көзү менен карады; анын табиятындагы тирүүлүккө жан берген улуу сапат аркылуу бул жашыл ааламды – дүйнөнү сактап калуунун аргасын издеди.

Үмүт Култаева: “Айтматов “Кылым карытар бир күн романында бийликтин жексур идеологиясы адамдагы эң баалуу касиет – тарыхый эстутумду жоготуу аркылуу руханий кыйроого алып келерин метафоралык түрдө энесин тааныбай калган маңкурттун трагедиясында чагылдырды. Найман-Эненин баласы тааныбай турганда зар какшаган монологунун контексттинде жаткан идея жазуучунун энелик концепциясынын дагы бир жаңы бийиктигин жаратты”-деген оюн билдирген.