Шейшемби, Январь 13, 2026
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

07_Эне

zs 07 ene

Скульптор: Момунов Х.

«Эне»

1998-ж.

сары таш

Эне - бул тынчтыктын жана мээримдин символу. Эне - бул жалган дүйнөнүн жарыгы, жылуулугу. Адамзат башына келген бактыны да, мүшкүлдү да көтөрө билген зор касиетке ээ. Эненин балага болгон сүйүүсү көтөрө албаган оорчулук жок экендигин жакшы билебиз. Эненин адамзатына берген үч белеги бар экен. Анын биринчиси жашоо, экинчиси сүйүү, анан түшүнүү. Бизди өз энебиздей эч ким эч качан түшүнө албайт. Эне жүрөгү - бул түбү жок чалкыган мейкиндик. Ал мейкиндикте ар дайым кечиримдүүлүк табылат. Энелердей бизди эч ким эч качан чын дилинен кечире албайт. Эненин сүйүүсүндөй айкөл сүйүү башка жок. Эне өзүнүн сүйүүсү үчүн эч нерсе талап кылбайт. Мына ошондон улам Мухаммед пайгамбарыбыз «Бейиш эненин таман алдында» деп айтып кеткен экен. Эне үчүн баласы канча жашка чыкса да бала бойдон калат. Ошондон улам эл арасында «Энеси бар адамдар эч качан картайбайт» деген учкул кеп калган. «Улуттун келечеги энелердин колунда» деген да накыл. кеп бар. Бул абдан туура айтылган кеп. Энелердин берген тарбиясы, мээрими улуттун келечегине жасаган камкордугу болуп эсептелет.

Коомдун руханий-адептик мурасын сактоо жана жайылтуу максатында Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы аялдардын образын окутууда жашоонун, үй-бүлөнүн ачкычы болгон, адамдын адамдык даражасын көтөргөн, атагын арттырган так ушул аялзаты экендигин жаш жеткинчектерге айтып, аял каармандардан кандайдыр бир таалим алууга үндөө милдети турат. Үй-бүлөдө эркек киши баарына баш болуп, тирек болсо, аялзаты ошол тутканы бекем кармаган айныгыс кеңешчи. Элибиз абалтадан бери эле аялзатына урмат менен мамиле жасап, алардын айткан кеп- кеңешин жерге таштабай, акыл калчап, омоктуу ойлоруна баа берип келишкен. Ч.Айтматов өз чыгармаларында аялдардын кылган иши адам баласынын жашоосунда өзгөчө орунду ээлерин белгилеген.