Шейшемби, Январь 13, 2026
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

05_Жомокчу

zs 05 skazitel

Скульптор: Ботогазиев А.И.

«Жомокчу»

1998-ж.

сары таш

Мындан туура кырк жыл мурда баш каарманы манасчы Эламанболгон “Кайрылып куштар келгенче” романын жазууга белбайлаганы да ошол бала чактагы Манаска сыйкырлануусунунжан дүйнөдө өнүм алган үрөнү болгондугу ырас. Ал аңгемесинин аты "Кайрылып куштар келгиче" деп аталган. Чыгармада Эламан аталган манасчынын образы ачылып, анда "эл өзүнүн тарыхый тагдырын, келечек өмүргө болгон укугун кандайча аңдап билиши, түшүнүшү туурасында айткым келет" (караңыз, 8-том, 228-б.) деген башкы ой менен, "Манас" эпосу кыргыздардын эмне үчүн руху болуп калганын, манасчынын акылман аракети аркылуу ачууну көздөгөн.

Аңгемеде Эламан манасчы түшүндө "ак боз ат минген алп адам..." көрөт. Дагы бир "сакалы аппак, көкүрөгүнө түшкөн" адам аны сооротуп, нускоо берип, олтурган адам эмне иштесе, ошону иште дейт экен. Ошондо караса, Койчуман агасы "Манас" айтып отурган болот, ал да анын жанына барып жанаша отуруп "Манас" айтып калат. Мындай түш көрүп "Манас" айтуу бардык эле чоң манасчылардын "Манас" үйрөнүү жүрүшүндө айта келген даяр мотиви эле. Чыңгыз Айтматов аны түз эле өз чыгармасында колдонгон. Чыңгыз аганын чыгармасындагы ошондой улуу манасчы Эламандын трагедиялуу тагдыры каардуу ойрот калмак чапкынынын катаал сынына туш болгон.

Романдагы окуянын өнүгүшүндө манасчы Эламан “Чагылган үндүү манасчы” атыгып, калмак баскынчыларына каршы күрөштүн туусуна айланган. Ал Манас айткан жерге чогулган эл анын үнүнөн чагылгандын эрдикке чакырган, курчтукка ширеген доошун уккандай, көзүнүн тереңинен жарыгын чача жайнаган отту көргөндөй болушкан. Ошентип, Эламан манасчы ойрот баскынчыларына каршы күрөштө эркиндиктин улуу жарчысы аталган. Манасчынын ойрот өкүмдарлары эң биринчи душманы катары эсептеген. Анын башынын тандамал миң жылкыга баалангандыгы эле душмандар үчүн манасчынын кандай коркунучтуу экендигин айкындайт.

Акыры ичтен чыккан чыккынчылардын жардамы менен Эламан манасчы душмандардын колуна түшөт. Ээн талаа, эрме чөлдө эки көзү оюлуп, сыйкырлуу Манас айткан тили кесилип, чагылгандай сүрдүкпөс үнү өчүп, боору отко какталып, адам баласына ыраа көргүс азаптуу кыйноо менен өлтүрүлөт. Анткен менен ал манасчылык өнөрү менен ар бир кыргыздын көөдөнүнө баатырдыктын, эркиндиктин шамын жагып, ар биринин дээр дилине чагылгандын отун салып, өнө боюна майтарылбас кайрат рухту ширеп, эрдикке бүлөп, бул жашоого келген атуулдук милдетин өтөө менен жан берет. Манасчылык өнөрдүн өлбөс-өчпөс, ноюбас, арыбас, талыбас, багынбас күчү ушунда. Түгөнгөн сайын түтөгөнүндө, ичтен оттонуп, октолуп күчө­гөнүндө… Элдин каны-жаны, мүдөө тилеги, каруу билеги, кагып турар жүрөгү болуп калганында.