Шейшемби, Январь 13, 2026
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

04_Жарадар жоокер

zs 04 raneniy voin

Скульптор: Кебек уулу Нурлан

«Жарадар жоокер»

1998-ж.

сары таш

Айтматовдун чыгармаларынан бир канча жарадар жоокерди кезиктиребиз. Анын ичинен согушта бутунан аксап, коңшу жергебиз Казакстандан биздин мекенге келген Данияр тууралуу сөз болмокчу. Данияр менен окуучу алгачкы ирээт ал арабалардын дөӊгөлөгүн майлап, эртеӊки ишине камынып жаткан кезинен баштап таанышат. Ушул кичинекей деталдан Даниярдын эмгекти сүйгөн, аны баалаган, эртеӊки иши үчүн бүгүн кам көргөн адам экендигин окуучу эч кыйынчылыксыз баамдай алат. Даниярдын ким экендигин көрсөткөн төмөнкүдөй эпизоддор бар.

Согуш десе, жомок көргөн жаш балдар ал келгенде согуш кандай болот экен деп сурашты. Ошондо Данияр бир топко унчукпай туруп: «Сендер аны билбей эле койгула» — деди. Даниярдын ушул сөзү боз балдарды ийне менен сайгандай чочутту, төбө чачын тик тургузду. Анткени Даниярдын жогорку сөзү «согуш алаамат, согуш жерге кирсин» деген кур кыйкырыктан алда канча таасирдүү эле. Бул – Даниярдын биринчи төрөлүшү эле. Жүрөгүндөгү махабат үчүн, Жамийла үчүн, өзүнүн ким экенин көрсөтүү үчүн Даниярдын жети пуддук буудайды көтөрүшү – Даниярдын экинчи жолу төрөлүшү эле. Ал дагы өз сүйгөнүнүн ким экенин ачык сезди. Көрсө, анын алгачкы кездердеги түнт, басмырт болушу – өзүнүн жүрөгүндөгү сүйүүсүн таппай мүӊкүрөп жүргөн убагы турбайбы. Анын кеч киргенде суунун шарын тыӊшап дөӊдө жатышы – суунун шарынан өз сүйгөнүнүн ким экенин сурап жаткандагысы турбайбы, бир топко күндү ээрчий карап турушу – бул күндөн: «Менин сүйгөнүмдү көрдүӊбү?» — деп сурап жаткандагысы турбайбы. Өзүнүн сүйгөнүнүн ким экендигине көзү жеткен Даниярдын талаа-түздү жаӊырта ырдап жатышынын себеби да ушунда жаткан экен да. Махабатка мас болгон Даниярдын кой десе болбогон ырына, калыӊ буудайлардын башын ийиши, айдын болуп көрбөгөндөй мээримдүү тийиши – Даниярдын чыныгы сүйүүсүнө болгон тилектештиктер турбайбы.

Эл айткан келесоо чалыш Даниярдын чыныгы ата мекенин сүйгөн патриот экенин биринчилерден болуп Жамийла сезди. Алар сүйүүсүн тапты. Ак сүйүүгө бардыгы бир тилекте болорун, повесттеги көрүнүштөрдөн: жеӊесин ыксыз коруган Сейиттин ичи тарышынан, ошого дейре ай нурунун мынчалык жарык тийбешинен көрүүгө болот. Жамийланын айдай сулуу образын окуучуга ачык көрсөтүш үчүн ай нуру да сүттөй төгүлүп, Жамийланын жамалын, ичин Даниярга дагы да ачык көрсөттү.

Повестти окуганда ар бир окуучунун да сүйүүсү Даниярга арналат. Ал окуучулардын сүйүүсүнө толук арзыган адам.