Шейшемби, Январь 13, 2026
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

02_Чынгызхандын ак булуту

zs 02 beloe oblako

Скульптор: Сооронов С.О.

«Чынгызхандын ак булуту»

1998-ж.

гранит, мрамор

«Кылым карытар бир күн» романына кошумча тарам катары жазылган чыгарма ушинтип аталат. Алгач орус тилинде «Знамя» журналына (1990, №8) басылган. Кыргыз тилине Аман Токтогулов которгон.

Бул чыгарманы мамлекеттик саясий система өзгөрүп, коммунисттик-авторитардык башкаруу бийлиги алмашылып, демократиялык коомду курууга багыт алган мезгилдин жемиши катары кароого болот. Жазуучу Коммунисттик партиянын административдик-буйрукчул бекем бийлиги учурунда эле «Кылым карытар бир күн» романын жазып, көркөм каражат, ыкмаларды чебер пайдалануу менен социалисттик системанын башкаруу саясатында, өзгөчө Сталиндик бийлик учурунда жана андан кийин да орун алган көп кемчиликтердин жүзүн ачып көрсөтүүгө жетишкен.

Романда «социалисттик күчтүү держава курабыз, коммунисттик партиянын аброюн көтөрөбүз, социализм идеясынын артыкчылыгын далилдейбиз, аны жат элементтерден коргойбуз» деп отуруп советтик система саясий планда антигуманисттик, антидемократиялык жолго түшүп кеткендигин, элдерди нечен кылымдап жашап келген адамгерчиликтүү руханий-маданий тамырларынан алыстатып, жардылантып, адамдардын өз алдынча ой жүгүртүү жөндөмүн мокотуп, бир гана мамлекеттик идеологиянын маңкуртташкан, кыңк этпес жоокерине айлантуу саясаты катуу иштеп жаткандыгын жакшы адамдар Эдигей, Казангап, Абуталиптердин жан дүйнө трагедиясы, Сабитжан, Шаймерден, Тансыкбаевдердин кейиштүү образдары жана Найман Эненин тагдыры жөнүндөгү уламыш аркылуу трагедиялуу таасирлүү, далилдүү, поэтикалуу баяндалган. Бирок, ошого карабастан, көркөм чыгармачылыкка партиялык жетекчилик күчтүү учурда жазуучу канчалык ар кандай ыкмаларды пайдаланып каймана айтпасын, ачык айтууга батынбасын, баары бир сынчыл позициядагы көз карашын каалагандай ачык, курч, толук жаза алган эмес.

Чынгыз Айтматов «Чыңгызхандын ак булуту» повестинде «Кылым карытар бир кун» романындагы тереңдетип айтылбай калган сюжеттик линияны өөрчүтүп, терендеткен. Ал линия - «эл душманы» деген жалган жалаага кабылып, ашынган идеологиялык саясаттын курмандыгы болгондордун (алардын ичинде жазуучунун атасы Төрөкул Айтматов да бар) өкүлү Абуталиптин трагедиясы жана ага түздөн-түз тиешеси бар сталиндик кесепеттүү саясаттын, бийликтин элесине байланыштуу сюжеттик линиялар эле. Ошондой эле бул эки линияны, төмөнкү, Абуталиптик линия менен жогорку бийлик башындагыларды байланыштырып, бир бүтүндүктү түзүп турган ортоңку, аткаруучулук, желдеттик Таңсыкбаевдик линия бар.

Кошумча тарамда репрессиянын жазыксыз курмандыктарынын трагедиясы менен «кара тумоо учурунда той тойлогон тансыкбаев- дердин комедиялык турпаты жерине жеткире сүрөттөлгөн. Ал эми «Сары-Өзөктөгү ашуу же Чынгызхандын ак булуту» жөнүндөгү уламыш чыгармада сталиндик бийликтин метафорасы катары киргизилген. Чынгызхан сыяктуу катаал жол башчы Сталин дагы өз мезгилинде күчтүү личность, лидер катары советтик адамдардын чексиз ишенимине – ак булутка ээ болгон. Бирок, ал өзүнүн жана айланасындагы пикирлештеринин, Тансыкбаев желдеттеринин адамдардын өмүр-тагдыры менен каалагандай калчап ойногон ашынган амбицияларын ооздуктай албагандыгы үчүн ашкере көкөлөтүлгөн культтук сыйынан ак булутунан ажырап калды.

«Чыңгызхандын ак булуту» бир топ тилдерге которулуп, Швейцария, Дания, Германия, Франция, Швеция ж.б. өлкөлөрдө жарык көргөн.