Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Доцент Таалайбек Иманкожоев матфактын студенттерине “Манас” эпосунда камтылган философиялык ойлор” деген темада дарс өттү

00

2023-жылдын 17-апрель күнү социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин философия кафедрасынын PhD докторанты, доцент Таалайбек Иманкожоев математика жана информатика факультетинин студенттерине “Манас” эпосунда камтылган философиялык ойлор” деген темада 2 сааттык дарс окуп берди. Лекция жандуу өтүлүп, зор кызыгууну жаратты. Таалайбек Асановичтин айтымында, “Манас” эпосу - кыргыз элинин кылымдарды карыткан тарыхый, маданий казынасы. Бул чыгарма элибиздин басып өткөн тарыхый жолунун орчундуу окуяларын чогултуп, укумдан-тукумга өтүп келген улуу мурасы, улуттук сыймыгы. Лектор о.э. “Манас” эпосу кыргыз тарыхын, философиясын, жалпы эле руханий жана социалдык турмушунун ар кыл жактарын изилдеп үйрөнүүдөгү өзгөчө бай жана баалуу булак экендигин баса белгилеп кетти.

Иш-чаранын жүрүшүндө чогулуштун катышуучуларынын арасында “Манас” эпосу - кыргыз элинин улуттук байлыгы, элдик оозеки чыгармаларынын баалуу көрөңгөсү, дүйнөлүк элдик поэзиянын шедеври экендигин, манасчы Саякбай Каралаевдин вариантындагы бул эпос дүйнө жүзүндөгү чоң поэма болуп эсептелгендигине токтолуп, бул эпикалык чыгармада билим, таалим-тарбия берүү маселелеринин чагылдырылышы боюнча суроо-жооптордун негизинде  кызыктуу дискуссияга айланды. 

Жыйындын соңунда, антикалык доордун байыркы грек философу Фалестин, байыркы кытай “Инь-Ян” философиясынын китептериндеги биз жашап жаткан дүйнөнүн жаралышы тууралуу айтылып келген түшүнүктөрүн Таалайбек Иманкожоев өз лекциясында “Манас” эпосундагы 4 сап ыр менен салыштыруу иретинде бүтүндөй аудиторияга жеткиликтүү түшүнүк бергендиги үчүн, иш-чаранын катышуучулары ыраазычылыктарын билдиришти.

Бүгүнкү өтүлгөн иш-чаранын максаты - "Манас" эпосундагы философиялык ойлор менен бирге Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгы, анын кабыл алынышында ата-бабабыздын наркын, салтын сактап, Айкөл Манастын осуяттарына таянып, биримдикте, тынчтыкта жана ынтымакта табият менен таттуу мамиледе жашоону улантып, мамлекеттүүлүктү сактоо жана чыңдоо үчүн майтарылбас эркти көрсөтүп, социалдык адилеттикке, экономикалык бакубатчылыкка, билимге, илимге жана руханий өнүгүүгө умтулуп, азыркы жана келечек муундардын алдында Мекен үчүн жоопкерчиликти түшүнүү зарылдыгын жеткирүү ишинде дал ушул "Манас" эпосу баалуу булак, негизги көрөңгө, таяныч болгондугун студенттерге чечмелеп түшүндүрүү  максаты көздөлдү.

Агайыбыздын мындан аркы педагогикалык жана илимпоздук ишмердүүлүгүнө албан-албан ийгиликтерди каалайбыз.

04

06

08

Бактияр Рахманкулов - тарбия иштери боюча декандын орун басары, ф.м.и.к., доцент

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 298 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 31.07.2023 11:42
    Кыргызстандагы бардык университеттерд ин бакалавриатына ЖРТ сертификаты менен гана жүргүзүлөт.

    Толугу менен...

     
  • Модератор 31.07.2023 11:38
    Вся информация о формах обучения здесь: www.knu.kg/.../et.pdf ...

    Толугу менен...

     
  • Бегимай 10.07.2023 18:14
    Нарындагы филиалыңыздарда чет тили Факультета барбы? 9 көасстын бащасында

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Айсулуу 29.06.2023 22:07
    Саламатсызбы мен азыр АГУПКРде 2 курста окуйм, силерге которулсам болобу ошол эле факультетке?

    Толугу менен...

     
  • Аскар Сманов 29.04.2023 13:33
    Саламатсызбы. Мен азыр Россияда окуйм. Московский технологический университетте , Кыргвзстанга Улуттук ...

    Толугу менен...

     
  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Asel 24.07.2023 17:06
    Саламатсызбы жолдошум экөөбүз тең кечки магистратурада окуйбуз. Бизге жатакана берилеби?

    Толугу менен...

     
  • Элбек 10.07.2023 12:37
    Саламатсызбы? Колледж боюнча маалымат алайын деген болчумун. Кайдан алсам болот? Переводчик факультети ...

    Толугу менен...

     
  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары